Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
3,423 Бардыгы / Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрынын директору С.Берикбаев эл ортону 50 жашка чыгып олтурат. Ал буга чейин туулган күн тосууга кызыкпаганын, айрым учурда өздүк майрамын 2-3 күн өткөндөн кийин эстегенин билдирди. Төмөндө бул тууралуу кененирээк сөз болмокчу… БАШКЫ ЭСЕПЧИДЕН ДИРЕКТОРЛУККА… -Мен 1969-жылы 20-ноябрда Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Чаңгет айылында туулганмын. Үч жогорку […]
3,424 Бардыгы / Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрынын директору С.Берикбаев эл ортону 50 жашка чыгып олтурат. Ал буга чейин туулган күн тосууга кызыкпаганын, айрым учурда өздүк майрамын 2-3 күн өткөндөн кийин эстегенин билдирди. Төмөндө бул тууралуу кененирээк сөз болмокчу… БАШКЫ ЭСЕПЧИДЕН ДИРЕКТОРЛУККА… -Мен 1969-жылы 20-ноябрда Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Чаңгет айылында туулганмын. Үч жогорку […]
Санжарбек БЕРИКБАЕВ, Барпы театрынын директору: “ЮБИЛЕЙИМ – 50 ЖЫЛДЫК ОТЧЕТУМ ”
19.11.2019 / Автор anarkan_kg

3,425 Бардыгы /
Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрынын директору С.Берикбаев эл ортону 50 жашка чыгып олтурат. Ал буга чейин туулган күн тосууга кызыкпаганын, айрым учурда өздүк майрамын 2-3 күн өткөндөн кийин эстегенин билдирди. Төмөндө бул тууралуу кененирээк сөз болмокчу…
БАШКЫ ЭСЕПЧИДЕН ДИРЕКТОРЛУККА…
-Мен 1969-жылы 20-ноябрда Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Чаңгет айылында туулганмын. Үч жогорку окуу жайын бүттүм. Алгачкы жумуш жолумду башкы эсепчи болуу менен баштагам. Союз таркагандан кийин милиция тармагына кеттим. Андан сырткары Жалал-Абад шаарындагы балдар чыгармачылык үйүнүн алдында спорт боюнча каратэ-до секциясын ачып, балдарды 25 жыл жумуштан сырткары машыктырып жүрдүм. Маданият тармагында башкы эсепчиликтен баштап, директорлукка чейин көтөрүлдүм. Дене тарбия академиясынын Жалал-Абаддагы филиалында мугалимдик кесипти аркаладым. 2003-2010-жылдар аралыгында КРдин Каратэ-до боюнча Улуттук Федерациясынын мүчөсү, Жалал-Абад шаарындагы “Шумкар” спорт клубунун президенти болуп да иштеп жүрдүм. Айтор бардык эле тармакта аралашып, кызмат кылдым десем болот.
ТЕАТРДЫН АКЫРКЫ 5 ЖЫЛДАГЫ ИЙГИЛИГИ
Ал эми Жалал-Абад областтык Барпы атындагы кыргыз драма театрында 2014-жылдан бери директорлук кызматты аркалап келүүдөмүн. Бул аралыкта көптөгөн жаңылыктарды киргиздик. Театр ачылгандан бери 22 жылда жалпы 23 спектакль коюлуптур. Биз 5 жылдын ичинде 27 спектакль коюуга жетиштик. Кыргызстанда биз биринчилерден болуп Орусияны толук кыдырып, мигранттарга спектакль коюп келдик. Союз убагында да эч бир театр биздей чет жакка толук гастролдоп чыккан эмес экен. Бул да болсо биздин чоң жетишкендигибиз. Мурун бизде 78 штат болчу, азыр 105 кызматкер эмгектенет. Театрдын техникалык каражаттарын да камсыздап, спринтер унаасын алдык. Мен жумушка келген учурда театрдын киреше бөлүгү 700 миң болсо, азыр 900 миңден 1 миллионго чейин ашырдык десем болот. Быйылкы жылы кирешебиз 2 миллиондон ашты.
МЕН ҮЧҮН ЖЕТИ САН ЫЙЫК
Негизи канчага чыкса да каалоо-тилек айткандар 100гө чык деп айтышат экен. Мен юбилейди өткөрүп, акча топтоюн же башка кылайын деген максатта эмес, 50 жылда эмне жумуш кылдым деп, элге отчёт катары менден кийинки бала-чакам, тууган-уругум, окуучуларым дагы үлгү алсын деп өткөрүп жатамын. Мында тууган-уругумду, чогуу иштешкен жетекчилеримди, кесиптештеримди, досторумду, окуучуларымдын баарын чакырдым. Эртең юбилей өткөндөн кийин “Эмнеге чакырбадың?” – деп капа болгондор да көп болот. Мен аны билем… Бүгүнкү күндө мен окуткан балдар дүйнөнүн бардык бурчунда кыргыздын желегин желбиретип жүрүшөт. Келе албай калабыз дегендердин баары куттуктоолорун жөнөтүп жатышат.
Бүгүнкү күндө кайсы гана саамалыкка барба, фонограмманын бийи бийлеп калды. Мындан эл да тажаса керек. Бул юбилейде бир да фонограмма болбойт. Ырлар жалаң гана жандуу ырдалат. Мындан сырткары 7 акын, 7 аккордеончу, 7 фольклорчу, 7 эстрада аткаруучулар чакырылды. Ошондой эле театрлаштырылган сахна да коюлат. Жада калса аккордеончулар чыкканда да микрофон коюлбайт деп жатабыз. Себеби жети областтан бирден аккордеончу чакырып жатам.
ӨЗДҮК МАЙРАМЫМ ЖАЛПЫ МАЙРАМГА АЙЛАНАТ
Негизи туулган күнгө андай деле көңүл бура бербейм. Кээде туулган күнүмдү 2-3 күн өтүп кеткенден кийин эстеп калган учурларым болгон. Туулган күнүм экенин өзүм билбей калчумун жада калса, бир туугандарымдын, балдарымдын да кайсы күнү туулганын билбейм. Ойлоп көрсөм, мен андай туулган күн күтүп, аны белгилөөгө ашыкпаган адам экенмин.
Менин туулган күнүм ар дайым бир майрамга же иш-чараларга туура келип калат дагы мамлекеттик деңгээлде белгиленип калат. Мен армияда жүргөндө союз мезгилинде 20-ноябрь ракеталык аскерлердин күнүнө туура келип, 2 жыл туулган күнүмдү жалпы полк майрамдаган. Азыр болсо Кыргызстанда бул чекисттердин күнү экен.
Мындан 5-6 жыл мурун мен Бишкекте келсем, бир иним келип “бүгүн туулган күн, эмнеге бекинип олтурасыз”- деп болбой эле “Дастан” кафеге алып барды. Олтурсак эле окуучуларым кирип келди, көрсө бир окуучум ал жерде официант болуп иштейт экен, баарына айтыптыр. Кафеде менден башка да 3 адамдын туулган экен бардык столду бириктирип, алар менен чогуу өткөргөнбүз. Аябай кызыктуу болгон. Ошентип жоктон бар кылып эле туулган күн тосуп салганбыз.
АЧ, ТОК КАЛГАН КҮНДӨР ДА БОЛДУ
Жашоодо не деген кызык окуялар өтпөдү. 25 жыл балдарды машыктырып сборлорго, жарыштарга алып барганмын. Ал жерде ач калабыз, ток калабыз дегендей баары болгон. Быйыл да биз Россияга биринчи жолу болгондо да машина менен бардык. Бир жерде аябай ач калган күнүбүз болсо, бир жерде кайра-кайра койлор союлуп, сый-урматка ээ болуп жаттык. Кээ бир жерлерде адаштык. Мен өзүм да адашып, башка шаарга учуп, кайра кайткан учурлар болгон.
ДОСТОРУМ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАМ
Эртең юбилейге Россиядан, Бишкектен кыскасы бүт жактан досторум келип жатат. Менин эң эле сыймыктанганым- менин досторум. Жашоодо эң жаман көргөнүм көчөдө баратсаң кээ бирлери “аяш атам жакшыбы, аяш энем жүрөбү” -деп сурап калат. “Эмне бул менин ата-энемдин өтүп кеткенин билбейби” деп таң калам. Чындыгында мен мындай достордон качам. Эгер кызматсыз же башка нерсесиз калсам дагы негизгиси досторумсуз калбашым керек деп айтам. Себеби жакшы-жаман күнүмдө жөлөк таяк боло турган бул менин үй-бүлөм, бир туугандарым анан досторум. Мен кызматка да өтө кызыккан адам эмесмин. Мени тааныгандардын баары билишет, туура эмес нерсени туура эмес деп эле айтам.
САЯСАТТАН ЧЫНДЫКТЫ ТАППАДЫМ
Бүгүнкү күндө биздин аксакалдарыбыз “өсөм десең, бийликке каршы чыкпа, саясатка каршы сүйлөбө”- деп кеңеш беришет. Бул нерсе менин башымдан өтүп жатат.
Мурун ыр жазып, анча-мынча чыгармачылыкка аралашып жүрөт элем. Кийин саясатка аралашкандан кийин таштап салдым. Бул үчүн чындыгында өкүнөм. Ал убакта менде өсүшүм керек деген үмүт болгон. Маданиятта, финансыда, спортто, билим берүүдө, айтор бардык тармакта иштеп билгеним үчүн саясатка барышым керек дегем. Бардым, көрдүм, аралаштым, аягында ал жактан чыкканга ушунчалык шаштым. Анткени ал жактан мен чындыкты көрө алган жокмун.
АЛГАН СЫЙЛЫКТАРЫ:
КРдин мыкты машыктыруучусу, КРдин спорт чебери жана эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, кара курдун жанаКРдин Каратэ-до боюнча Улуттук Федерациясынын медалынын, “Маданияттын мыкты кызматкери”, “Эл сүйгөн жетекчи” төш белгилеринин ээси. “Аймак” жана “Акыйкат” гезиттеринин тандоосу менен “Жылдын мыктысы” деген наамга татыктуу болгон.
Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg АКСЫЛЫК УЛАН АЗИЯ ЧЕМПИОНУ АТАЛДЫ
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg ЭРКИН КҮРӨШ БОЮНЧА АКСЫДАН ЧЫККАН БАЛБАН
-
-
-
31.07.2024 / Автор anarkan_kg ЭЛЧИБЕК ЖАНТАЕВ КАРА-СУУДАГЫ «ЖЕР КОРРУПЦИЯСЫН» КЕСКИН СЫНДАДЫ
-
07.08.2024 / Автор anarkan_kg ОШ КӨП ПРОФИЛДҮҮ КОЛЛЕДЖИ ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ГАНА БЕЛЕНДЕЙТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.