Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: “АКЫРКЫ 15 ЖЫЛДАН БЕРИ САЯСИЙ ТОЛКУНДООЛОР МЕНЕН КАТАКЛИЗМДЕН АРЫЛБАЙ КЕЛДИК”

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: “АКЫРКЫ 15 ЖЫЛДАН БЕРИ САЯСИЙ ТОЛКУНДООЛОР МЕНЕН КАТАКЛИЗМДЕН АРЫЛБАЙ КЕЛДИК”

 81 Бардыгы /

          ОШ. «Былтыр 17-майда тышкы башкаруу киргизилгенден бери 220 миллион доллар таза киреше таптык. Эң башкысы – Кумтөрдү Кыргызстанга биротоло алдык”, – деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЧоңАлай районунун кайра уюшулгандыгынын 30 жылдык мааракесине арналган иш-чарада.

Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров андан ары өз сөзүндө өткөн 30 жылдын аралыгында 33 Өкмөт башчысы, анан дагы 5 президент алмашкандыгын кошумчалады.

-Ошентип, акыркы 15 жылдан бери саясий толкундоолор менен катаклизмден такыр арылбай келдик. Президент Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен баары бара-бара өзгөрүүдө. Эң башкысы – Кумтөрдү Кыргызстанга биротоло алдык. Былтыр 17-майда тышкы башкаруу киргизилгенден бери 220 миллион доллар таза киреше таптык. Алтындын бардык запастарына эми өзүбүз гана ээлик кылабыз! Кумтөр мындан ары Кыргызстандыкы болду. Бул – баарыбыздын кыйла жылдардан бери күткөн тилегибиз жана жеңишибиз!  деп кошумчалады Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров

Белгилей кетчү жагдай: Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы 29-июлда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү жараянын тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы аяктагандыгын билдирди.

Акыркы маалыматка караганда, аталган Кыргыз элчилигинин аймагында тараптардын эл аралык юридикалык өкүлдөрүнүн жана эскроуагенттин катышуусунда Кыргызстандын Улуу Британиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Улан Жусуповго юридикалык документтердин толук пакети, мунун ичинде “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” компанияларынын акцияларынын 100 пайызын «КыргызАлтын» ААКсынын пайдасына менчик укугунун толук өтүшүн каттоо үчүн өткөрүп берүү актылары, ишеним каттары жана күбөлүктөр  тапшырылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17