Аймак

Нургазы НИШАНОВ, “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы: “МУНАЙ ӨНДҮРҮҮ ТАРМАГЫ ӨНҮГҮҮНҮН ЖАҢЫ ДООРУН БАШЫНАН КЕЧИРИП ЖАТАТ”

Нургазы НИШАНОВ,  “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы: “МУНАЙ ӨНДҮРҮҮ ТАРМАГЫ ӨНҮГҮҮНҮН ЖАҢЫ ДООРУН БАШЫНАН КЕЧИРИП ЖАТАТ”

 1,152 Бардыгы /

Кыргызстанда мунай жана газ өндүрүү тармагына 90 жыл болгону салтанаттуу белгиленгени турат. Мындан сырткары 11-сентябрда мунай жана газ өндүрүүчүлөрдүн кесиптик майрамы белгиленет. Кош майрам алдында өлкөбүздө мунай жана жаратылыш газын өндүргөн жападан жалгыз мекеме болуп эсептелген “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун башкармалыгыны төрагасы Нургазы Нишанов менен болгон маегибизде ийгиликтер жана келечек пландары тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.

Нургазы Нурланович, алгач келе жаткан кош майрамыңыз менен куттуктаганга уруксат этиңиз. Мунай жана газ тармагы дегенде алгач эле сиз жетектеген “Кыргызнефтегаз” мекемеси эске түшөт. Быйыл бул тармактын 90 жылдыгын, мунай жана газ өндүрүүчүлөрдүн кесиптик майрамын чогуу белгилегени жатасыздар. Сөзүбүздүн башында мунай өндүрүүнүн тарыхына токтоло кетсеңиз?

-Куттуктооңузга чоң рахмат. Ооба, быйыл өлкөбүздө мунай жана газ өндүрүү тармагына 90 жыл болот. Бул мезгил айтканга оңой болгону менен иш жүзүндө далай ашууларды ашканга туура келет. Кыргызстанда мунай жана газ өндүрүшүнүн башаты өткөн кылымдын башына барып такалат. Алгач, 1901-жылы инженер А. Леоновдун жетекчилиги астында ачылган мунай кени “Майли-Сай” деп аталып, ал жеке жактар аркылуу иштетилип турган. Бирок ал учурда өндүрүш толук кандуу иштеген деп айтуу кыйын. Андан кийин Түндүк Риштан, Чангыр-Таш, Теке-Бель аянттарында чалгындоо иштери жүргүзүлүп, 1932-жылы Чангыр-Таш аянтынан мунай фонтан жолу аркылуу алынып, ошол мезгилден тартып мунай өндүрүшүнө көңүл бурула баштаган. Ушул жылдан баштап биздин мунай тармагыбызда жаңы мезгил башталган деп эсептелинет. XX кылымдын 50-жылдары “Майлуу-Су IV”, “Избаскент”, “Чыгыш Избаскент” кендеринин ачылышы менен мунай жана газ өндүрүү тармагы Кочкор-Ата шаарынын курулушу менен тең тайлаша өнүгүү жолуна кирген. Советтер Союзу мезгилинде мунай жана газды өндүргөн мекеме “Кыргызнефть” деп аталса, эгемендүү мамлекет болгонубуздан кийин “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому болуп түзүлгөн. 85,16% акцияга Экономика жана соода министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылат.

Бүгүнкү күндө биздин мекеме өлкөбүздө мунай жана жаратылыш газына чалгындоо иштерин жүргүзүү, мунайды кайра иштетүү жана аларды сатуу боюнча бүтүндөй бир толук өндүрүштүк циклди өзүнө камтып, өнүгүүнүн жаңы доорун башынан кечирип жатат. 

“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому бир гана Кочкор-Ата же Жалал-Абад облусунун экономикалык абалына салым кошпостон, өлкөнүн экономикалык-социалдык өнүгүшүнө өз салымын кошууда. Муну сыймыктануу менен айтсак болот.

– Цифралар алдабайт деп коёт эмеспи. Экономикалык көрсөткүчтөргө токтолбойсузбу?

– 2021-жыл “Кыргызнефтегаз” акционердик коому үчүн ийгиликтүү жыл болду. Жылдын башында коюлган пландар ашыгы менен аткарылып, техникалык, экономикалык көрсөткүчтөр мурунку жылдарга салыштырмалуу бир кыйла жогорулады. Ишкана жылдын жыйынтыгы боюнча 173 578 тонна мунай өндүрүп, алган милдеттенмени 121,1%га аткарып, чийки мунай планга карата 30 278 тоннага көп алынды.

2021-жылдын жыйынтыгы менен 2 млрд. 157 млн. сом баланстык киреше табууга жетиштик. Башкача айтканда киреше үч эсеге өстү. Мындай көрсөткүч ишкананын тарыхында биринчи ирет болду. Андан башка чыгымдарды оптимизациялоо, коррупциялык элементтерди жоюуга каршы күрөшүү ишкананын кирешесине оң таасирин тийгизгенин баса белгилегим келет. Мекеме 2021-жылдын жыйынтыгында салык боюнча бюджетке 1 млрд. сомдон ашык төлөмдөрдү чегерип берди. Бул багытта план 116%га аткарылды. Баса белгилеп кетүүчү нерсе, компания өткөн жылы бюджетке 214 млн. сом дивиденд төлөдү.

2022-жылдын 1-жарым жылдыгында техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча бардык пландар ашыгы менен аткарылды. Биринчи жарым жылдыкта мунай өндүрүү планы 74826 тонна коюлган болсо, иш жүзүндө 84948,2 тонна өндүрүлдү. 10122,2 тонна мунайды көп өндүргөнгө жетиштик. Жаратылыш газын өндүрүү планы 12665 миң метр куб деп бекитилсе, иш жүзүндө 14036 миң метр куб жаратылыш газы өндүрүлдү. 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында пландагы 2189,4 миллион сомдун ордуна 3149,5 миллион сомдук продукция жана кызмат көрсөтүүлөр иш жүзүндө сатылып, план 143,8%га аткарылды. Өткөн жылга салыштырмалуу продукция жана кызматтарды сатуу боюнча ишкананын өсүү темпи 149,6%ды түздү.

572,1 миллион сом салык төлөй турган болсок, иш жүзүндө 756,4 миллион сом төлөндү. Жарым жылдыкта 758,6 миллион сом планда таза киреше каралса, ишкананын таза кирешеси 1 миллиард 846,4 миллион сомго чейин чыкты. Бул экономикалык көрсөткүчтөр асмандан алынган жок, реалдуу цифралар.

– Иште ийгилик жаралыш үчүн жумушчуларга жакшы шарт түзүп берүү, техникалык базаны чыңдоо керек болот эмеспи. Бул жаатта кандай иштер жүрүп жатат?

-“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун балансында 11 мунай жана жаратылыш газ кендери бар. Учурда компаниянын карамагында 655 мунай жана 15 газ скважиналары иштеп жатат. Орто эсеп менен бир мунай жана газ скважинасынан суткасына 1,23 тонна мунай жана 4,4 миң метр куб газ өндүрүлүүдө. Мындан сырткары 14 инвестициялык компания менен өз ара кызматташтык келишимдердин негизинде иш алып баруудабыз. Буйруса, 2022-жылдын күз-кыш айларында элибизди туруктуу газ менен камсыз кылууга жетишебиз деген ишенимде турабыз.

Мен ар дайым жетекчиликтин башкы милдеттеринин бири жумушчуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү деп айтып келем. Жумушчулар менен жолугушканда өндүрүштү керектүү техникалар менен камсыздоо, жаңы тетиктерди алуу, айлык-маяналарды жогорулатуу, жумушчуларга түзүлгөн шарттарды жакшыртуу багытындагы маселелер биринчи кезекте чечилерине токтолгом. Ошондой эле жакшы шарт түзүү менен бирге иштин өндүрүмдүүлүгүн арттырууга талап күчтүү болорун билдиргем.

Айлык акы ушул жылдын апрель айынан тарта 20%га көтөрүлүп, орточо айлык 35270 сомду түзгөн. Август айынан тарта жумушчулардын эмгек акысы дагы 20%га көтөрүлдү. “Кыргызнефтегаз” ААКтын балансында балдар бакчалары, маданият үйү, спорт комплекси, балдардын ден соолугун чыңдоочу борбор, профилактория сыяктуу 9 социалдык объект бар. 6 айда ошол социалдык объектилерди кармоого 16 миллион сом каражат бөлүндү. 

Ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча максаттуу иштер жүрүп жатат. Автопаркты жаңылоо улантылууда. Жалпы суммасы 263 миллион сомду түзгөн өндүрүшкө керектелүүчү 41 атайын техникалар сатылып алынды. Мындан сырткары 244 миллион сомго мобилдик бургулоочу курулманы сатып алууга келишим түзүлдү. Жылдын аягына чейин жалпы суммасы 504 миллион сомду түзгөн дагы бир стационардык бургулоочу курулманы сатып алуу пландаштырылууда. Буйруса, керектүү техникаларды өз убагында сатып алууга мүмкүнчүлүгүбүз жетиштүү.

Андан башка “Кыргызнефтегаз” акционердик коомдун  Кочкор-Ата шаарындагы социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө, каржылык жактан колдоодо негизги күч экенин айта кетейин. Биздин компания шаардын калкын таза суу, газ менен камсыздайт. Ошондой эле негизги көчөлөрдү, скверлер менен парктарды, маданий жана башка коомдук объектилердин абалын көзөмөлдөп, жаңылап жакшыртып турат. Шаардыктар үчүн ыңгайлуу жашоого, эс алууга, спорт менен машыгууга шарт түзүп келет. Бул ийгиликтер жумушчулардын талыкпаган эмгеги, жетекчиликтин ишти туура уюштуруусунун натыйжасында жаралууда.

-Нургазы Нурланович, ар бир мекеме же жетекчи алдына чоң максаттарды коёт эмеспи. Быйыл 200 миң тонна мунай өндүрөбүз деп жатасыңар. Мындан дагы амбициялуу пландар барбы?

Акбермет САДЫКОВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17