Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА БАТКЕНДЕН КЕЛГЕН ЖАРАНДАР ЖАЙГАШТЫРЫЛЫП ЖАТАТ

ЖАЛАЛ-АБАДДА БАТКЕНДЕН КЕЛГЕН ЖАРАНДАР ЖАЙГАШТЫРЫЛЫП ЖАТАТ

 978 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин  тапшырмасына ылайык, Баткен облусундагы чек ара коогалаңынан жабыркап келген жарандарды жайгаштыруу иштери уланууда.

Бүгүн Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы бош турган №36 кесиптик лицейинин жатаканасына 300 орун даярдалды.

Азыркы учурда облустун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондоруна жана Жалал-Абад шаарына Баткен жергесинен келип, туугандарынын үйлөрүндө жашап жаткан 250 адам бар. Анын ичинен эки үй-бүлө шаардагы “Бакыт” облустар аралык реабилитациялык борборуна жайгаштырылган. Алдыда калган тургундар да район-шаарларда уюштурулган бирдиктүү жайларга көчүрүлмөкчү. Бул үчүн үч район жана бир шаардагы лицей жатканаларына жана ден соолукту калыбына келтирүү борборлоруна 900дөй орун даярдалды.

Жергиликтүү бийлик жайгаштыруу, керектөөлөрүнө ылайык гуманитардык жардам жеткирүү иштерин колго алынган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17