Аймак

ТАЛКАЛАНГАН АК-САЙДА ЭМИТЕН ЖАҢЫ ҮЙЛӨР КУРУЛА БАШТАДЫ

ТАЛКАЛАНГАН АК-САЙДА ЭМИТЕН ЖАҢЫ ҮЙЛӨР КУРУЛА БАШТАДЫ

 1,662 Бардыгы /

БАТКЕН. Быйыл 16-17-сентябрдагы Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан улам кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңы турак жайлардын курулушу баштады. Алгачкы үйлөр Баткен районундагы Ак-Сай Айыл Өкөмөтүнө караштуу Достук жана Капчыгай айылдарында тикеленүүдө. Бул жөнүндө Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев өзү билдирди.

Учкунбек Жоробаевдин айтымында, ар бир үйдүн курулушу үчүн 3,3 миллион сом бөлүнгөн. Ушул тапта жалпы жонунан 500 миллион сом ажыратылды. Баткен районунун акими баса белгилегендей, Достук жана Капчыгай айылдарында үйлөр дээрлик толук жараксыз кейипти кийип, инфрастүзүмдөр биротоло талкалангандыктан, турак жайлардын бардыгы жаңыдан гана тургузулат. Курулушка дээрдлик эки ай мөөнөт берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта Кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Булардын 423ү жашоого жараксыз, анан дагы 238 үй кайрадан оңдоп-түзөлүшү кажет. Мындан тышкары 11 административдик, стратегиялык обьектилер, 335 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик бекет дагы зыян тарткан. 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу обьектилер дагы талкаланып, катарынан өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө кошо жардырылып, 61 автоунаа өрттөлгөн, же талкаланган. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч ай аралыгында курууну катуу убада кылууда.

Кыргызстандын Ак-Сай акыштагында 5 миңге чукул калк жашайт. Айыл 40 миң чамалуу калк жашаган Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешет. Ал эми төмөн жагында Тажикстандын 12 миңден ашуун тургуну бар Кожалы кыштагы бар.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17