Өлкө аймактары менен кубаттуу
ИШКЕРЛЕРДИН УКУКТАРЫН КОРГОО
КЫЛЫМ КАРЫТКАН МЕКТЕП
МИЛИЦИЯ ОКУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУДА
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
883 Бардыгы / Өлкөнүн бардык аймактарында октябрь айынын акыркы аптасы “Бүткүл дүйнөлүк акча топтоо” долбоорунун алкагында иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул немецтердин “Шпаркасс” фонду жана биздин Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле депозиттерди коргоо агенттиги биргеликте түзүлгөн долбоор болуп саналат. Аталган долбоор Кыргыз жергесинде 2015-жылдан бери ишке ашырылып келе жатат. Долбоордун негизги максаты жарандарга акча жыйноонун себептерин, […]
884 Бардыгы / Өлкөнүн бардык аймактарында октябрь айынын акыркы аптасы “Бүткүл дүйнөлүк акча топтоо” долбоорунун алкагында иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул немецтердин “Шпаркасс” фонду жана биздин Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле депозиттерди коргоо агенттиги биргеликте түзүлгөн долбоор болуп саналат. Аталган долбоор Кыргыз жергесинде 2015-жылдан бери ишке ашырылып келе жатат. Долбоордун негизги максаты жарандарга акча жыйноонун себептерин, […]
БҮГҮНКҮ АКЧА ЭРТЕҢКИДЕН КҮЧТҮҮ
02.11.2022 / Автор anarkan_kg

885 Бардыгы /
Өлкөнүн бардык аймактарында октябрь айынын акыркы аптасы “Бүткүл дүйнөлүк акча топтоо” долбоорунун алкагында иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул немецтердин “Шпаркасс” фонду жана биздин Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле депозиттерди коргоо агенттиги биргеликте түзүлгөн долбоор болуп саналат. Аталган долбоор Кыргыз жергесинде 2015-жылдан бери ишке ашырылып келе жатат. Долбоордун негизги максаты жарандарга акча жыйноонун себептерин, максаттарын түшүндүрүп, адамдардын финансылык сабаттуулугун жоюу болуп саналат.
Аталган иш-чаранын алкагында 31-октябрда Улуттук банктын Жалал-Абад олустук башкармалыгында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттерине ачык эшик күнү өткөрүлдү. Мында Улуттук банктын Жалал-Абад облусундагы башкармалыктын башчысы Хусейин Акимбеков студенттерге банктын негизги функциясы жана милдеттери ошону менен бирге акчаларды кайда, кантип топтоо, сактоо тууралуу кенен маалымат берди. Мындан сырткары долбоордун максаттарынын бири болгон финансылык сабаттуулукту жоюу боюнча да кенен токтолуп өттү.
“Акыркы мезгилдерде банктар көйгөй жараткан маселеге урунду. Ар качан бийлик алмашып, революция болгондон кийин эле элдер банктарга барып, эшик каккылап, кредиттерибизди жок кылып бергиле деген талап коюну өнөкөт кылып алышты. Адамдардын кредит алуусуна эч ким зордогон эмес, эң негизгиси алардын банктар менен келишими бар. Учурда канчалаган адамдар кредит алып, өздөрүнүн жашоо турмушунда пайдаланып жатышканы менен кредиттик келишимдерди окубаган адамдар бар, пайыздык чен, акча төгүүнүн графиги, пайыздык үстөк тууралуу такыр түшүнүгү жок адамдар да көп экендиги байкалды. Мына ушундай абалды жоюу максатында улуттук банк негизги функциясына кирбеген милдеттемени моюнга алып, элдин финансылык сабаттуулугун жоюуга кам көрө баштады. Тагыраагы бардык жарандардын акчаны туура пайдалануу жана кантип сактоо тууралуу окутууларды, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет”, – деп белгиледи Х.Акимбеков.
Ал эми акча топтоо боюнча “Бүгүнкү акча эртеңки акчадан күчтүү”- болот. Бул акчанын теориясында айтылган. Андыктан акчанын куну түшүп кетпес үчүн акчаны үйгө сактабастан, банктарга сактаган пайдалуураак. Бизде 23 банк бар. Кайсыл банк канча мөөнөткө, кандай ставка менен алып жаткандыгы тууралуу маалымат алып, депозитке салуу керектигин, баарынан да эң негизгиси сиз акча сала турган банк Улуттук Бантктан лицензиясы барбы, ошону тактоо керектигин кошумчалады.
Соңунда жаш финансисттер өздөрүн кызыктырган суроолор менен кайрылышып, тийиштүү жоопторду алып жатышты. Андан сырткары улуттук банктын коллекциялык монеталарынан турган көргөзмө көрсөтүлдү.
Адистердин айтымында алтын жана күмүштөн жасалган баалуу манеталардын түрү көп. Ал монеталарды чыгаруу улуттук банкка гана таандык. Монеталар негизинен кыргыз өлкөсүн монета жүзүндө дүйнөгө таанытуу максатында өлкөнүн ажайып кооз жаратылыштарына, тарыхый, саясий окуяларга байланышкан даталуу күндөрүнө, тарыхый инсандарга жана улуу жазуучу, кыргыз элин чыгармалары менен дүйнөгө тааныткан Ч. Айтматовдун бир топ чыгармаларына арналып чыгарылып келет. Алгачкы монета 1995-жылы Манас эпосуна “Манас 1000” жылдыгына арналып 1000 даана чыгарылган. Бул сыяктуу монеталардын бири өлкөдө коргоого алынган “Айгүл” гүлү, Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 65-70 жылдыктарына арналган монеталар чыгарылат. Улуттук банк монеталарды чыгарып сатып пайда табууну көздөбөйт. Чыгарылган монеталар мында өзүнүн наркына гана чегерилген баада сатылат. Алган кардарлар албетте, кийин кандай баада сатуусу өздөрүнүн каалоосунда. Учурда ошол “Манас 1000” монета элдин, мунизматтардын, коллекционерлердин колунда. Ушул “Манас 1000” монетасы убагында 500 сомдон сатылган, учурда ошол мунизматтар монетаны 100 долларга сатып алууга издеп жүрүшөт.
АЭЛИНА АЛИШЕРОВА, “Аймак”
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
19.02.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДА БАШТАЛДЫ
-
-
19.02.2025 / Автор anarkan_kg ИШКЕРЛЕРДИН УКУКТАРЫН КОРГОО
-
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО ШАЙЛООГО АРАЛАШКАН КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ ЧАРА КӨРҮЛДҮ
Маек
ОШТОГУ ООРУКАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИН МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН ТЕЙЛЕП КЕЛЕ ЖАТАТ
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы Ош шаарында жайланышканы менен…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.