Аймак

БАТКЕНДИК ЛЕЙТЕНАНТКА ТҮРКИЯ ПРЕЗИДЕНТИ ДИПЛОМ ТАПШЫРДЫ

БАТКЕНДИК ЛЕЙТЕНАНТКА ТҮРКИЯ ПРЕЗИДЕНТИ ДИПЛОМ ТАПШЫРДЫ

 870 Бардыгы /

АНКАРА. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандан Анкарага окууга барган милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулуна окуусун ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө диплом менен сертификатын тапшырды.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулуАнкарадагы Полиция Академиясынын магистратурасында «Коопсуздук стратегиялары жана башкаруу» бөлүмүндө билим алды. Ал ушуну менен катар «Жетекчилерди баштапкы окутуу жана даярдоо» курсунда үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмаланып, окуудагы жетишкендиктери менен эл аралык алкакта өз жөндөмдүүлүгүн жогорку деңгээлде көрсөттү. Диплом тапшыруу аземи Анкарадагы президенттик резиденцияда өттү.

Милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулу 1999-жылы Баткен районунда туулган. Ал Түркияга окууга кеткенге дейре Баткен райондук ички иштер бөлүмүндө жеткинчектер менен иштөө боюнча тескөөчү болуп эмгектенген.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17