Аймак

ОИИБде «ЭРДИК» МЕДАЛЫНЫН ЭЭСИ АБДИЛА ЭРДОЛАТОВ АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА УЗАТЫЛДЫ

ОИИБде «ЭРДИК» МЕДАЛЫНЫН ЭЭСИ АБДИЛА ЭРДОЛАТОВ АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА УЗАТЫЛДЫ

 939 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 5-декабрда Жалал-Абад ОИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн начальниги Абдила Эрдолатовго милициянын полковниги наамы ыйгарылып, ардактуу эс алууга узатылды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай,

ал алгач участкалык инспектор болуп жумушун баштап, паспорт столдо, ыкчам кызматтарда, уруксат берүү тармагында иштеп, жалпы 32 жылдан ашуун убакыт ички иштер органдарында кызмат өтөгөн.

Абдила Эрдолатовго бүгүн өздүк курамдын катышуусунда калпак, чепкен кийгизилип, баалуу белектер тапшырылды. Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин орун басары Нурбек Сыдыкованын ички иштер органдарында топтогон зор тажрыйбасы бар экендигин белгилеп, жаш кызматкерлерге үлгү болуп, акыл-насаатын айтып, сый-урматтын үстүндө жүрүүсүнө тилектештигин билдирди.

Өз кезегинде Абдила Эрдолатов Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигине жана жалпы кесиптештерине ыраазычылык билдирип, ар дайым тынчтык заманда, жакшылык күндөрдө жолугушуу ниетин билдирди.

Белгилей кетсек, Абдила Эрдолатов 2010-жылы июнь окуясында кызматтык милдетин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде «Эрдик» медалы менен сыйланган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17