Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,600 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 19-декабрда Ноокен районунун Масы айылында жаңы заманбап калкты тейлөө борбору (ЦОН) пайдаланууга берилди.Мекеменин ачылуу аземине Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Нурсултан Сардарбеков, район акими Таалайбек Ишенбеков жана жергиликтүү тургундар катышты.Заманбап калкты тейлөө борбору […]
1,601 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 19-декабрда Ноокен районунун Масы айылында жаңы заманбап калкты тейлөө борбору (ЦОН) пайдаланууга берилди.Мекеменин ачылуу аземине Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Нурсултан Сардарбеков, район акими Таалайбек Ишенбеков жана жергиликтүү тургундар катышты.Заманбап калкты тейлөө борбору […]
НООКЕН РАЙОНУНДА ЖАҢЫ КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
20.12.2022 / Автор anarkan_kg

1,602 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 19-декабрда Ноокен районунун Масы айылында жаңы заманбап калкты тейлөө борбору (ЦОН) пайдаланууга берилди.
Мекеменин ачылуу аземине Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Нурсултан Сардарбеков, район акими Таалайбек Ишенбеков жана жергиликтүү тургундар катышты.
Заманбап калкты тейлөө борбору райондун 144 миңден ашуун калкына ыкчам электрондук кызмат көрсөтүү милдетин аткарат. Имаратты куруу райондун өнүктүрүү фондунан каржыланып, 24 млн сом акча каражаты жумшалган. Анда электрондук кезек түзүү залы, мамлекеттик нотариус, ЗАГС бөлүмдөрү уюштурулган. Мындагы жайда эми паспорт, нике күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, даректүү каттоо, чет өлкөлүк жарандарды каттоо, жарандык алуу жана башка документтерди алуу бир жерден жеткиликтүү болот.
Ыйгарым укуктуу өкүл облустун бардык аймактарында заманбап калкты тейлөө борборлорун уюштуруу аракеттери колго алынгандыгын белгиледи. 2022-жылы жалпы төрт райондо калкты тейлөө борборлору ачылып, пайдаланууга берилгенин айтты. Бул аракеттердин баары тургундардын убактысын үнөмдөө менен ыңгайлуу шарт түзүү максатын көздөөрүн кошумчалады.
Калкты тейлөө борборунун имаратынын бир бөлүгү Ноокен району менен Майлуу-Суу шаары боюнча пробация органы катары иш алып барат.
Жалал-Абад облусунда “Санарип аймак” автоматташтырылган тутумуна катталган үй-чарбалар 99 пайыз, ал эми калкты катто 77 пайызга аткарылды. Азыркы учурда район-шаарларда 6 ири калкты тейлөө борбору иш алып барууда.
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
26.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ АНТИКИНОТЕАТРЛАРДЫ ЖАБУУНУ ТАЛАП КЫЛДЫ
-
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg ОБЛУСТА 10 МИҢ 316 ОКУУЧУ ОРТО МЕКТЕПТИ АЯКТАДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.