Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
1,093 Бардыгы / Азыркы учурда Өзгөн районунун аймагында 97 мектеп, 68 мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар. Андагы 39711 окуучуга жана 63115765 тарбиялануучуга 2904 мугалим, 351 тарбиячы билим, тарбия берип жатат. Бирок, өзгөндүк окуучулардын билим деңгээли, жалпы республикалык тестке, олимпиадаларга катышкан көрсөткүчтөрү кийинки жылдарда башка райондорго салыштырмалуу бир топ төмөндөп кеткен. Мындай абалдан чыгуунун […]
1,094 Бардыгы / Азыркы учурда Өзгөн районунун аймагында 97 мектеп, 68 мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар. Андагы 39711 окуучуга жана 63115765 тарбиялануучуга 2904 мугалим, 351 тарбиячы билим, тарбия берип жатат. Бирок, өзгөндүк окуучулардын билим деңгээли, жалпы республикалык тестке, олимпиадаларга катышкан көрсөткүчтөрү кийинки жылдарда башка райондорго салыштырмалуу бир топ төмөндөп кеткен. Мындай абалдан чыгуунун […]
ИЙГИЛИК КЕМЧИЛИК ЧОГУУ ТАЛКУУЛАНДЫ
21.12.2022 / Автор anarkan_kg

1,095 Бардыгы /
Азыркы учурда Өзгөн районунун аймагында 97 мектеп, 68 мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар. Андагы 39711 окуучуга жана 63115765 тарбиялануучуга 2904 мугалим, 351 тарбиячы билим, тарбия берип жатат. Бирок, өзгөндүк окуучулардын билим деңгээли, жалпы республикалык тестке, олимпиадаларга катышкан көрсөткүчтөрү кийинки жылдарда башка райондорго салыштырмалуу бир топ төмөндөп кеткен.
Мындай абалдан чыгуунун жолун издөө, көйгөйлөрдү чогуу чаран талкуулоо, орто мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде топтолгон алдыңкы тажрыйбалар менен таанышуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен жакында Куршаб айыл өкмөтүндө облустун, райондун жетекчилиги, Өзгөн шаарынын, райондогу 19 айыл өкмөттүн башчылары, айылдык Кеңештеринин, ата-энелер комиттеринин төрагалары, мектеп директорлору катышкан «Социалдык өнөктөштүк – ийгиликтин өбөлгөсү» деп аталган семинар болуп өттү.
Анын жүрүшүндө №14 А.Таңгатаров атындагы жатак- гимназиясынын педагогикалык жамааты семинардын катышуучуларына заман талабына жооп берген «Куршаб тынчтык клубу» жана медиа борборун, электрондук журнал, күндөлүктөрдү, аудио-видио көзөмөлдү, «Роботехника» ийримин көргөзүп беришип, бул ийгиликке кандай жол менен жетишкен тажрыйбаларын ортого салышты. №49-Токтогул атындагы орто мектептин жетекчилиги «Энелер» мектебинин», «Акылдуу коңгуроонун» оң таасири, башталгыч класстардын окуучуларына жылуу тамак уюштуруу багытындагы тажрыйбаларын баяндаларды жасашып, үлгүлүү сабактарды өткөрүп беришти. №5-Ленин атындагы орто мектептин жамааты электрондук журнал, күндөлүктөрдү колдонуу, аудио-видио көзөмөлдү орнотуунун артыкчылыктары жөнүндө баяндап беришти. Ал эми «Наристе», «Куршаб» мектепке чейинки билим берүү мекемелери коомчулук менен бирге материалдык-техникалык базасын чыңдоо, тарбиялануучулары үчүн шарттарды жакшыртуу, көмөкчү чарбаларды уюштуруу багытындагы өздөрүнүн тажрыйбаларын айтып беришти. Семинар ыр-бийге шыктуу мугалимдердин, окуучуларыдын жана балдар бакчаларынын өнөрлөрү менен коштолду.
Иш-чара Ленин орто мектебинде жыйынтыкталып, семинардын таасири, райондогу билим берүү багытындагы жүргүзүлгөн иштердин күнгөй-тескейи, кемчиликтерди четтетүүнүн жолдору ортого салынып, көйгөйлөр ачык айкын талкууланды.
Талкууда сөзгө чыккан айылдык кеңештердин, ата-энелер төрагалары, айылдык Кеңештин депутаттары келечек ээлери болгон окуучуларыбыз үчүн заманбап электрондук журнал, күндөлүктөр, аудио-видио көзөмөл окуучулардын сабакка катышуусуна, билим алуусуна жүрүм-турумуна байкоо салууга жардам бере турган фактор экендигин айтышып, мындай семинарларды мындан ары да улантуунун зарылдыгын белгилеп өтүштү. Билим берүүчү мекемелердин материалдык –техникасын чыңдоо маселесин бардык айылдык Кеңештердин сессияларынын күн тартибине киргизип, аны чечүү жагын айыл өкмөттөрдүн башчыларына милдеттендирүү керектиги баса белгиленди. Ошондой эле райондун айрым мектептеринде өзүнүн айланасына тааныш билиштерин топтоп алган, мамлекеттин акчасын кудум өзүнүн чөнтөгүнөн берип жаткандай манчыркаган, жаңыланууну жактырбаган «мен сага тийбейм сен мага тийбе» деген эски көз караштан чыкпай жүргөн директорлор бар экендигин, алардын кызмат ордун караштыруунун зарылдыгы да көтөрүлдү.
Өзгөн райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Жалал Алиев алдыда сөзгө чыккандардын айткандарын эске алуу менен, райондун жетекчилиги кийинки жылы билим берүү тармагына олуттуу көңүл бурула тургандыгына убада берди.
Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Жаңыбаев талкууга катышкандардын айткан сунуштарын, сын пикирлеринин негизинде мындай семинарларды райондун башка аймактарында да уюштуруу колго алына тургандыгын айтуу менен билим, таалим-тарбия берүү сапатын көтөрүүдө айылдык Кеңештердин, ата-энелер төрагаларынын ээлеген орду, ролу чоң экендиги баса көрсөтүп, аларды мындай ишке активдүү катышууга чакырык таштады.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев райондо иши жакшы жолго салынган, башкаларга үлгү болгон мектептер, өз ишине жоопкерчилик менен мамиле жасаган жетекчилер бар экендигине токтолуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Куршаб айыл өкмөтүндөгү мектептердин жүргүзгөн иштери менен таанышып,өзүнүн оң баасын берип кеткендигин айтып өттү. Бирок мамлекет тарабынан билим берүү тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканда Өзгөн районундагы мындай абал Ош облусунун жетекчилигин да тынчсыздандырып жаткандыгына токтолуп, бул багытта райондун жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери тиешелүү жыйынтык чыгарууга тийиш экендигин, аларга талап катуу коюла тургандыгын эскертип өттү.
Аталган семинардын аягында анын катышуучулары тарабынан айтылган сунуш-пикирлер жетекчиликтин такай көзөмөлүнө алынып, убагы келгенде анын жыйынтыгы сурала турган болсо, мындай иш-чаралардын таасири, бийликтин кадыр-баркы арта тургандыгы тууралуу жүйөлүү сунуштарын билдиришти.
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, Өзгөн району
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУКТУ ЭРТЕ АНЫКТАП, ДАРЫЛАСА, АЙЫГАТ!
-
-
07.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ТОКТОГУЛДА АРЗАН АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАРМАНКЕСИ УЮШТУРУЛДУ
-
Маек
Темиржан КОЗУЕВ: “ДЕНИ САК УЛУТ – БАКУБАТ МАМЛЕКЕТ!”
“Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Темиржан КОЗУЕВ бош убактысында спорт менен…
-
28.01.2025 / Автор anarkan_kg Аскарбек АХМАТОВ: “АРАВАН ООЖАЛЫП БАРАТАТ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.