Аймак

МИЛИЦИЯНЫН КӨЧМӨ КАБЫЛДАМАСЫ ЭЛ КЫЗМАТЫНДА

МИЛИЦИЯНЫН КӨЧМӨ КАБЫЛДАМАСЫ ЭЛ КЫЗМАТЫНДА

 987 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Ала-Бука райондук милициясынын кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен алдын ала түзүлгөн графиктин негизинде, ӨКМ жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте райондогу ири соода борлорунда, дүкөндөрдө жана базарларда тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. 

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, ар бир сатуучуга, жашы жете электерге спирт ичимдиктерин жана пиротехникалык каражаттарды сатпоого, алдыдагы майрам күндөрү өрт коопсуздугун сактоо боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, атайын эскертүү баракчалары илинди.

Ал эми Тогуз-Торо милициясы көчмө кабылдама менен райондун Чет-Булак айылында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте айыл тургундары менен жолугушуу өткөрүшүп, ар кандай кырсык окуялардын жана мал уурулуктардын алдын алуу максатында эскертүүлөрдү айтышып, жеринде эл көйгөйлөрүн угушуп,  юридикалык суроолор боюнча кеӊештерин берип келишти.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17