Аймак

БАТКЕНДИН ЖОЛДОРУН ЖАКШЫРТУУГА 5,3 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ГРАНТ САРПТАЛАТ

БАТКЕНДИН ЖОЛДОРУН ЖАКШЫРТУУГА 5,3 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ГРАНТ САРПТАЛАТ

 750 Бардыгы /

          БАТКЕН. Баткен облусунун автоунаа жолдорун жакшыртуу максатында 5,3 миллион доллар грант алынат. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин инвестициялык долбоорду жүзөгө ашыруу тобунун жол инженери Айбек Калмаматов билдирди.

          – Жогорку Кеңеш депутаттары министрлер кабинети менен Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы «Автомобиль жолдорун тейлөө жана техникалык тейлөө үчүн жабдууларды өркүндөтүү» долбоору боюнча гранттык макулдашуунун долбоорун карашты. Бул долбоорго ылайык гранттык келишимдин алкагында 53 даана техника алынат, – деди Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин инвестициялык долбоорду жүзөгө ашыруу тобунун жол инженери Айбек Калмаматов. – Баткен облусунун жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо жана жол тейлөө ишканаларынын жол тармагын оӊдоо дараметин чыӊдоо, ошондой эле аталган облустун автомобиль жолдорун жана жол каттамын тейлөөчү жабдууларды жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Жапония Өкмөтүнүн ортосундагы нота алмашуу иш-чарасы аяктады. Бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы кызматташуу келишимине ылайык 700 миллион йена өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп жатат. Доллар менен эсептегенде бул 5,3 миллион долларды түзөт. Грант Баткен облусунун автоунаа жолдорун гана жакшыртууга каралган. Мунун алкагында 53 даана техника алынат. Долбоордо асфальт-бетон заводу дагы бар.

          Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин инвестициялык долбоорду жүзөгө ашыруу тобунун жол инженери Айбек Калмаматов сатып алынган техника «Кыргыз автожол» мамлекеттик ишканасынын балансында болоорун кошумчалады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17