Аймак

БАТКЕНДЕ ЖЕР КӨЧКҮ ЖАНА ТАШ КУЛОО КОРКУНУЧУ БАР АЙМАКТАРДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАРАНДАРГА ТҮШҮНДҮРҮҮ ЖАРАЯНЫ ЫРАСА КҮЧӨТҮЛДҮ

БАТКЕНДЕ ЖЕР КӨЧКҮ ЖАНА ТАШ КУЛОО КОРКУНУЧУ БАР АЙМАКТАРДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАРАНДАРГА ТҮШҮНДҮРҮҮ ЖАРАЯНЫ ЫРАСА КҮЧӨТҮЛДҮ

 990 Бардыгы /

          БАТКЕН. Баткен жергесинде соңку таптоа жер көчкү жана таш кулоо коркунучу бар аймактарда жансактап жатышкан жарандар арасында түшүндүрүү жараяны ого бетер күчөтүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин кызматкерлери ушул жылдын 28-февралынан тартып 2-мартына дейре Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жана Кадамжай районунун аймагында жайгашкан жер көчкү жана таш кулоо коркунучу бар аймактарды тегиз кыдырып чыгышты. Натыйжада министрликтин райондук, шаардык бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү кызматкерлеринин катышуусунда изилдөө иштери дагы аткарылды.

Мындан тышкары, жергиликтүү жашоочуларга тиешелүү толук маалыматтар кошо берилип, түшүндүрүү иштери дагы кошо жүргүзүлдү. Анткени, Сүлүктү шаарында жер көчкү коркунучу Шахтерская, Жураев, 6-шахта, Мамбетов, Масалиев, Коммунальная көчөлөрүндө, ал эми Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн Кичи-Айдаркен айылында, Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Кошулуш тилкесинде, Чаувай айыл өкмөтүнүн Ясная Поляна тилкесинде,  Майдан айыл өкмөтүнүн Пум айылында жана таш кулоо кооптуулугу Абдыкадыр Орозбеков айыл өкмөтүнүн Кара-Кечүү тилкесинде абдан күч.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17