Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН БАШЧЫСЫ АБСАТТАР СЫРГАБАЕВДИН ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУЛАРЫ ӨТӨТ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН БАШЧЫСЫ АБСАТТАР СЫРГАБАЕВДИН ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУЛАРЫ ӨТӨТ

 558 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Ушул жылдын 3-апрелинен 11-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин эл менен жолугушуулары өтөт.

Жолугушуулар облус аймагындагы жарандардын жер-жерлердеги курч көйгөйлөрүн ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү максатын көздөйт. Жыйынга бардык облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышат. Анда өкүлдүн 2022-жылдын апрель айында эл менен болгон жыйынында көтөрүлгөн көйгөйлөрүн аткарылышы тууралуу маалымат берилет.

Жолугушуулардын графиги төмөндөгүдөй:

1. Токтогул району, 3-апрель саат 10:00до райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залы.

2. Кара-Көл шаары, 3-апрель саат 15:30до шаардык маданият үйүнүн имараты.

3. Таш-Көмүр шаары, 4-апрель саат 10:00до шаардык маданият үйүнүн имараты.

4. Майлуу-Суу шаары, 4-апрель саат 15:30до шаардык маданият үйүнүн имараты.

5. Ноокен району, 5-апрель саат 10:00до райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залы.

6. Базар-Коргон району, 5-апрель саат 15:00до райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залы.

7. Сузак району, 6-апрель саат 10:00до райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залы.

8. Жалал-Абад шаары, 6-апрель саат 15:30до облустук Барпы театры.

9. Чаткал району, 10-апрель саат 10:00до райондук маданият үйүнүн имараты.

10. Ала-Бука району, 11-апрель саат 10:00до райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залы.

11. Аксы району, 11-апрель саат 15:30да райондук маданият үйү.

12. Тогуз-Торо районундагы эл менен жолугушуу май айында өтөт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17