Аймак

АБСАТТАР СЫРГАБАЕВ КАРА-КӨЛ ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫНЫН КӨЙГӨЙҮН УКТУ

АБСАТТАР СЫРГАБАЕВ КАРА-КӨЛ ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫНЫН КӨЙГӨЙҮН УКТУ

 633 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 3-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Кара-Көл шаарынын тургундары менен жолугушту.

Жыйынга шаардын 500гө жакын тургундары катышты. Алгач ыйгарым укуктуу өкүлдүн 2022-жылы калаа тургундары менен өткөн жолугушуусунда көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн аткарылышы тууралуу маалымат берилди. Ага ылайык, өткөн жылдагы жыйында Кара-Көл шаарынын жашоочулары тарабынан 115 кайрылуу жасалып, 66сы чечилгени белгиленди. Учурда калган маселердин үстүндө тийиштүү иштер жүрүп жатат.

Жолугушуу алкагында шаар тургундарынын басымдуу бөлүгү Токтогул ГЭСтеринин каскадына жумушка орношуу, аталган каскадка тиешелүү болгон көп кабаттуу үйдө жашап жаткан 13 батирин жашоочулары турак үйлөрдү менчиктештирүү алкагындагы көйгөйлөрүн көтөрүштү. Ага катар шаардагы ички жолдор, маршруттук каттам, жайыт жана жеке маселелер айтылды.

Облус башчысы тургундардын бир катар суроолоруна жеринен жооп берди. Токтогул ГЭСтеринин каскадына тиешелүү болгон көп кабаттуу үйдүн батирлерин менчиктештирүү ишинин мыйзамдуулугун жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди. Каскадка жумушка орношуудагы эрежелердин сакталышын облустук прокуратура текшерип чыгаарын айтты.

Өкүл шаарга жаңыдан алынган маршруттук унааларды каттамга коюу ишин тездетүүнү тапшырып, жергиликтүү бийликти эл менен тыгыз иш алып барууга чакырды.

Жолугушууга укук коргоо органдарынын, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17