Аймак

299 ҮЙ-БҮЛӨ ЖЕР КӨЧКҮ ТИЛКЕСИНДЕ ДАГЫЛЕ ЖАНСАКТАШАТ

299 ҮЙ-БҮЛӨ ЖЕР КӨЧКҮ ТИЛКЕСИНДЕ ДАГЫЛЕ ЖАНСАКТАШАТ

 696 Бардыгы /

ОШ. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы мониторинг жана божомолдоо департаментинин корутундусуна караганда, Кара-Кулжа районунда 2021-жылдан бери 299 үй-бүлө жер көчкү жүрүүчүү тилкеде гана дагыле жашап келатышат.

Маалыматка караганда жогорудагылардын арасынан 213 (мурун 199 эле) үй-бүлө коопсуз жайлардан жер тилкелерин, а түгүл үй куруу үчүн мамлекет тарабынан узак көөнөттүү ссудаларды дагы алышкан. Ошого карабастан дагыле көчүшпөй, өз өмүрлөрүн тобокелчиликке салышып, эски журттарында эптеп жашап келатышат.

Булардан тышкары дагы 86 үй-бүлө үй курууга жер тилкеси жоктугунан, эмдигиче ссуда ала алышпай убара. Эң опурталдууусу: ушулар дагы эски ордуларында тобокелчилик менен дагыле жашап жатышат…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17