Аймак

МЭР ХАН-АРЫК СЕЛ КАНАЛЫН ТАЗАЛОО ЖАНА ҮСТҮНӨ КУРУЛГАН ИМАРАТТАРДЫ БУЗУУ ТАПШЫРМАСЫН БЕРДИ

МЭР ХАН-АРЫК СЕЛ КАНАЛЫН ТАЗАЛОО ЖАНА ҮСТҮНӨ КУРУЛГАН ИМАРАТТАРДЫ БУЗУУ ТАПШЫРМАСЫН БЕРДИ

 831 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 13-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тийиштүү жетекчилер менен шаардагы Хан-Арык сел каналын көрүп чыкты.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

кыдыруу учурунда шаар башчысы тийиштүү мекемелерге аталган каналдын үстүнө курулган курулуштарды буздуруу жана сел каналдын ичин тазалоо тапшырмасын берди. Ошондой эле сел коркунучун жоюу максатында каналды кеңейтип, темир-бетон куурларын орнотуу зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Хан-Арык сел каналы 5 чакырымды түзөт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17