Аймак

МОСКВАДА «КӨЧМӨНДӨР ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ» МУЗЕЙИ АЧЫЛДЫ

МОСКВАДА «КӨЧМӨНДӨР ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ» МУЗЕЙИ АЧЫЛДЫ

 765 Бардыгы /

       МОСКВА. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин колдоосу аркасында Москва шаарындагы Дүйнөлүк цивилизациялар университетинин алкагында «Көчмөндөр цивилизациясы» музейи салтанаттуу түрдө ачылды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалымдашкандай, аталган музей ушул жылдын март айында Москва шаарында өткөрүлгөн Кыргыз-Орус аялдарынын биринчи форумунун алкагында кол коюлган меморандумга ылайык гана уюштурулду. «Көчмөндөр цивилизациясы» музейинин түпкү максаты – Кыргыз элинин искусствосун жана каада-салтын, көчмөн маданиятын жайылтуу, маданий-агартуу иш-чаралары аркылуу мекендештерге жана башка элдердин кызыккан өкүлдөрүнө таанытуу.

Баса, «Көчмөндөр цивилизациясы» музейинин башкы экспонаты – ичи толук жасалгаланган Кыргыз боз үйү. Музейдин жетекчиси «Боз үй дайым биз менен» долбоорунун автору – Кыргыз диаспорасынын активисти Дамира Казакпаева. Ошентип «Көчмөндөр цивилизациясы» музейинде маданияттар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү экскурсиялар, «чий курчак» улуттук куурчактарын жасоо боюнча мастер-класстар, тематикалык көргөзмөлөр жана башка билим берүү жана маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17