Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
679 Бардыгы / Кыргыз-америкалык кызматташтык маселеси 24-апрелде Бишкекте президент Садыр Жапаровдун Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолугушуусунда талкууланды. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров Лунун Кыргызстанга сапарын эки өлкөнүн мындан аркы алакасы үчүн жакшы белги деп баалады, жолугушууда ортодогу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана артыкчылыктары […]
680 Бардыгы / Кыргыз-америкалык кызматташтык маселеси 24-апрелде Бишкекте президент Садыр Жапаровдун Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолугушуусунда талкууланды. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров Лунун Кыргызстанга сапарын эки өлкөнүн мындан аркы алакасы үчүн жакшы белги деп баалады, жолугушууда ортодогу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана артыкчылыктары […]
САДЫР ЖАПАРОВ ЖАНА ДОНАЛЬД ЛУ КЫРГЫЗСТАН-АКШ КЫЗМАТТАШТЫГЫН ТАЛКУУЛАШТЫ
25.04.2023 / Автор anarkan_kg681 Бардыгы /
Кыргыз-америкалык кызматташтык маселеси 24-апрелде Бишкекте президент Садыр Жапаровдун Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолугушуусунда талкууланды.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров Лунун Кыргызстанга сапарын эки өлкөнүн мындан аркы алакасы үчүн жакшы белги деп баалады, жолугушууда ортодогу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана артыкчылыктары боюнча пикир алмашуу болду.
Президент өкмөт башчы Акылбек Жапаров жакында Вашингтонго барып, Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун жыйындарына катышып келгенин, анда жетишилген макулдашуулар жана “жашыл экономикага” инвестиция тартуу тууралуу пландалган кызматташтык өз мөөнөтүндө ишке ашарына үмүттөнөрүн айтты. Кыргызстан чет өлкөлүк инвестициялар үчүн, алдыңкы технологиялар менен заманбап өндүрүшкө таянып иштеген компаниялар үчүн ачык экенин белгиледи.
Өз кезегинде америкалык дипломат кайрадан иш сапар менен Кыргызстанга келип жатканына абдан кубанычта экенин билдирип, кыргыз бийлиги Сириядан 59 жаранын ийгиликтүү кайтарып алганы үчүн кубанып жатканын айтты жана бул багытта мындан ары да кызматташууга даяр экенин кошумчалады. Ошону менен катар Дональд Лу АКШ Кыргызстан менен экономикалык кызматташтыкты, санарип экономиканы өнүктүрүүгө кызыкдар экенин, башка да багыттар боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууга даярдык бардыгын айтты.
Лу 22-27-апрель күндөрү иш сапар менен Кыргызстанда жана Тажикстанда болору кабарланган.
24-апрелде ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен да жолуккан.
Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.
Жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын, талкуулоону талап кылган айрым техникалык маселелер бар экенин 19-январда министр Кулубаев билдирген.
Автор anarkan_kg
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
02.08.2023 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНГА ОРУСИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНАН КЕЗЕКТЕГИ АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАРДАМЫ КЕЛДИ
-
26.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНДА ЖАЙЫТТАР ЖАНА ТОКОЙЛОР ЖАКШЫРТЫЛАТ
-
-
-
-
07.08.2023 / Автор anarkan_kg ӨРТТӨНҮП КЕТКЕН КАЙЫҢ-ТАЛАА ОРТО МЕКТЕБИ БЫЙЫЛ КАЙРАДАН САЛЫНАТ
-
11.08.2023 / Автор anarkan_kg ЖЕЛЕЗНОДОРОЖНЫЙ КӨЧӨСҮНДӨГҮ МЫЙЗАМСЫЗ СООДА КҮРКӨЛӨРҮ БУЗДУРУЛУП ЖАТАТ
Маек
Самат МАКЕШОВ: “УЛУУ ОКТЯБРЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫНА ЧЕЙИНКИ КАНАЛДАРДЫ ДАГЫЛЕ ПАЙДАЛАНЫП КЕЛАТАБЫЗ!”
Өзгөн району – Ош облусундагы эң чоң Аймактардын бири. Андыктан,…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.