Аймак

ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШТОГУ «ӨЧПӨС ПОЛК» АКЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ

ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШТОГУ «ӨЧПӨС ПОЛК» АКЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ

 1,119 Бардыгы /

          ОШ. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушгчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы Улуу Жеңиштин 78 жылдыгынын урматына арналган «Өчпөс полк» митинг-реквиемине жана жүрүшүнө катышты.

          Адегенде Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров Ош шаарындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согуштун каармандарын жана тылдын кайратмангдарын бир мүнөт унчукпай эскерди.

          – Кыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушка 360 миң жоокер аттанып, булардын 100 миңдейи кан майдандан кайтпай калышты. Буга улай 70 мекендешибиз кайталангыс эрдиктерди көрсөтүшүп, Советтер Союзунун Баатыры жогорку наамына таташты. Эми булардын эч кимиси, эч качан унутулбайт! – деди Кыргыз Республикасынын премьер-министри Акылбек Жапаров.

          Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана тылда эмгектенгендерге мамлекеттик казынадан ар бирине 100 миң сомдон ажыратылгандыгын, мындан тышкары согуш ардагерлерине каза тапкыча ай сайын 10 миң сомдон президенттик стипендия дагы ыйгаралып тураарын, ошондой эле 7 миң сомдон компенсаия деле төлөнөөрүн абдан катуу убадалады.

          Айтмакчы, Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров Ош шаарындагы Улуу Жеңиштин 78 жылдыгынын урматына арналган «Өчпөс полк» жүрүшүнө кан майдандан жападан жалгыз тирүү кайткан чоң атасынын бир тууганы Токтобай Айдаровдун протретин көтөрүп катышты.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17