Аймак

ТӨӨ-АШУУДАГЫ ТУННЕЛЬ МААЛ-МААЛЫ МЕНЕН УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛЫП ТУРАТ

ТӨӨ-АШУУДАГЫ ТУННЕЛЬ МААЛ-МААЛЫ МЕНЕН УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛЫП ТУРАТ

 945 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Төө-Ашуу ашуусудагы Кусейин Көлбаев атындагы туннель маал-маалы менен убактылуу жабылып турат. Бул туурасында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

          Маалыматка караганда. Бишкек – Ош автожолунун 129-131 чакырымында жайланышкан Төө-Ашуу ашуусундагы Кусейин Көлбаев атындагы туннелдин ичиндеги электр зымдарын, прожекторлорун тартуу жана актоо иштерине байланыштуу 2023-жылдын 19-майынан 28-июнуна чейин автоунааларды жүрүү кыймылына маал-маалы төмөнкү убакыттарда чектөөлөр кирип турат:

-05:00дөн, 08:00гө чейинки убакытта;

-10:00дөн 12:00гө чейинки убакытта;

-14:00дөн 16:00гө чейинки убакытта.

          Ошентип, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга жогорудагы убакыттарды эске алып, алдын ала пландоо менен жолго чыгууну сунуш этет.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17