Аймак

НАРКЫ 20 МИЛЛИОН СОМДУ ЧАПЧЫГАН КОЛ СААТТАРДЫ МЫЙЗАМСЫЗ АЛЫП КИРИШКЕНДЕР КАРМАЛЫШТЫ

НАРКЫ 20 МИЛЛИОН СОМДУ ЧАПЧЫГАН КОЛ СААТТАРДЫ МЫЙЗАМСЫЗ АЛЫП КИРИШКЕНДЕР КАРМАЛЫШТЫ

 579 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргызстанга баасы дээрлик 20 миллион сомду чапчыган кол сааттарды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет жасашкандар кармалышты. Бул туурасында Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарындагы «Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери УКМКнын  кызматкерлери менен чогуу-чараан бажы мыйзамдарын бузууну табууга жана алдын алууга багытталган иш-чаралардын алкагында сааттарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныкташты.

ОШентип, Малайзиядан эл аралык почта каттамы аркылуу келген «Элдик-Экспресс» ЖЧКсынын дарегине келген аба жүктөрүнө бажылык текшерип кароосун өткөрүүдө кол сааттар, мунун ичинде «Bernhard H. Mayer» маркасындагы сааттар жана көрсөтүлгөн жөнөтүү документтеринде жана жүктү алуучулардын реестринде маалыматтарга ылайык келбеген башка товарлар табылып олтурат.

Кармалган товарлардын орточо базар баасы 19 миллион 807 миң 532 сомду түздү. Мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы 4 миллион 7 миң 815 сомду түздү. Чогултулган материалдар КБР МКЖ АДСке катталып, негизи боюнча кароо үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17