Аймак

ОШТОГУ КӨКБӨРҮ ЧЫР МЕНЕН АЯКТАДЫ

ОШТОГУ КӨКБӨРҮ ЧЫР МЕНЕН АЯКТАДЫ

 837 Бардыгы /

        ОШ. Ош облусунда көкбөрү оюну аяктагандан кийинки жаңжалда жети адам жараат алды жана алардын бири дароо ооруканага жаткырылды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова кабарлады.

       – Чыр болуп жатканда бир адам сабалган, ал укук коргоо органдарынын кызматкери экен. Ал дароо Ош шаардык клиникалык ооруканасына  жаткырылды. Мындан тышкары таш менен бири-бирин ургулап жатканда жаракат алгандар дагы бар. Ошол жерде эки чатырда медпункт ачылган эле, алты адам ал жерге дароо кайрылып, амбулатордук жардам алып кетишти. «Тез жардамдын» машинасынын терезелерин таш менен уруп сындырып коюшту. Анын айдоочусу дагы жараат алган, ага дарыгерлер жардам беришти. Анын абалы азыр жакшы, – деп кошумчалады Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова.

          Жылдыз Айгерчиноваоюн маалында аттан кулаган бир улакчы мээси чайкалган деген диагноз менен Ош облустар аралык клиникалык ооруканага жаткырылгандыгын дагы  кошумчалады. Анын абалы азыр туруктуу. Мыныдан тышкары ошол күнү медпунктка жалпысынан 100дөй адам кайрылып, баарына теё жардам көрсөтүлгөндүгүн кошумчалады. Оштогу Төлөйкөн ат майданында өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыр тутанган. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты ур-токмокко алышкан. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чырды иликтөө башталганын, ал эми айыптуулар сөзсүз жазаланаарын эскертти.

         Баса, «Достук» жана «Ынтымак» командалары чечүүчү беттешүүгө чыгышып, анын жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин «Ынтымак» 2:1 эсебинде жеңип алган. Улуттук оюндан чыккан чырга байланыштуу социалдык тармакта талаш-талкуу дагыле жүрүп жаткан чагы. Эгемендүүлүк күнүнө арналган негизги салтанаттар быйыл Ош шаарында өткөрүлдү.

             Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу көкбөрү оюнунун финалынан кийин чыр чыгаргандар сөзүсз түрдө жазага тартылаарын убадалады. Бул туурасында Өкмөт мүчөсү 1-сентябрга караган түнү социалдык тармактарга жарыяланган видео кайрылуусунда айтылат. Ал көкбөрү оюнунан кийин атайылап чыр чыгаргандарды кескин сындап, кыргызстандыктарды биримдикке үндөдү. Ал ошондой эле соңку окуя боюнча укук коргоо органдары териштирүү баштагандыгын, чагымды баштоого шектүү адамдар аныкталып жаткандыгын дагы кошумчалады. УКМК төрагасы дал ушундай кырдаалда аймак аралык кастыкты козууга аракет кылгандар сөзүсз жазага тартылаарын катуу эскертти.

       Баса, 31-августтун кечинде социалдык тармактарда Оштогу Төлөйкөн ат майданында жаалданган топ беттешүү өткөн талааны көздөй жүгүрүп баратканы чагылдырылган тасма тараган. Ал эми күбөлөрдүн айтымында, оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым күйөрмандар ортодогу калысты эл көзүнчө ур-токмокко алышкан.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17