Аймак

ОШ ШААРЫ ТАЗА СУУГА ЭМИ ГАНА ЖАРЫДЫ!

ОШ ШААРЫ ТАЗА СУУГА ЭМИ ГАНА ЖАРЫДЫ!

 597 Бардыгы /

ОШ ШААРЫ ТАЗА СУУГА ЭМИ ГАНА ЖАРЫДЫ!

         ОШ. Буга чейин жамгыр катуу жааса эле, Ош шаарында таза суу маселеси курчуп турган. Президент Садыр Жапаров Ошко жасаган сапарынын алкагында калаа калкын таза суу менен камсыз кылган жаңы суу алуучу жайды ишке киргизди.

          Адегенде мамлекет башчыга суу алуучу жайды расмий ишке киргизүүнүн алдында шаар бийлиги жабдууларды сыноодон өткөрүп, резервуарларды дезинфекциялоодон өткөргөндүгү маалымдалды. Ага ылайык, ар бир резервуардын көлөмү 6 миң куб метрди түзөт. Долбоордун баасы 194 миллион сомду түзөт. Белгилей кетчү жагдай: Ош шаарында көп жылдардан бери ичүүчү суу маселеси курч бойдон калып келген. Эгерде мурда сел жана жамгыр учурунда ачык суу сактагычтын — Ак-Буура дарыясынан пайдаланылган суу булганып, суу берүү токтотулуп турчу.

     Ушул жылдын июль айында мамлекет башчысы Садыр Жапаров Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Түштүк борбордун тургундарын ичилүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселесин бир айдын ичинде чечүүнү тапшырган. Ошентип, ушул тапта Ош шаарында ичүүчү суу маселеси чечилгендиги баса белгиленди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17