Аймак

“ТЫНЧТЫК ЧУРКОО-2023” ЧУРКОО МАРАФОНУ

“ТЫНЧТЫК ЧУРКОО-2023” ЧУРКОО МАРАФОНУ

 807 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД.Тынчтык чуркоо-2023” чуркоо боюнча марафонунун катышуучулары Тогуз-Торо районуна келишти.

Марафондун катышуучуларын Тогуз-Торо районунун акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, райондук спорт бөлүмү жана кызматкерлер тосуп алышты.

Акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова “Тынчтык чуркоо-2023” марафонунун катышуучуларына бул марафон эл аралык достуктун, ар түрдүү улуттарды биримдикке жана ынтымакка чакырган факелдик эстафета. Жөө күлүктөрдүн алдыдагы сапарларына ийгиликтерди каалады.

Эскерте кетсек, марафон Нарын шаарынан старт алган. Ага Казакстандын, Орусиянын, Кыргызстандын жөө күлүктөрүнүн курамы катышууда.

Саамалыкты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан уюштурулган.

Жөө күлүктөрдүн марафону Нарындан башталган, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусунун аймактарын аралап өтүп, жалпы 882 чакырымды багынтып, марафон 10-сентябрь күнү Раззаков шаарынан жыйынтыкталат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17