Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
802 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдүн курулушу дээрлик аяктады. Бул туурасында Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим Алимбаев мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жолукканда гана ачыктады. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим АлимбаевБаткен облусунун инфратүзүмүн жакшыртуу, социалдык обьектилерди куруу жана дагы ири долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча […]
803 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдүн курулушу дээрлик аяктады. Бул туурасында Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим Алимбаев мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жолукканда гана ачыктады. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим АлимбаевБаткен облусунун инфратүзүмүн жакшыртуу, социалдык обьектилерди куруу жана дагы ири долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча […]
БАТКЕНДЕГИ ЧЕК АРА ЖАҢЖАЛЫНДА ТАЛКАЛАНГАН ҮЙЛӨР ТОЛУК КУРУЛУП БҮТКӨНДҮГҮ ЖАРЫЯЛАНДЫ
08.09.2023 / Автор anarkan_kg

804 Бардыгы /
БИШКЕК. Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдүн курулушу дээрлик аяктады. Бул туурасында Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим Алимбаев мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жолукканда гана ачыктады.
Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим АлимбаевБаткен облусунун инфратүзүмүн жакшыртуу, социалдык обьектилерди куруу жана дагы ири долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча чаралар туурасында кеңири маалымат берди. Ал ошондой эле Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылдарынын башкы планы түзүлгөндүгүн, аталган айылдар толугу менен кайрадан курулгандыгын, өрттөнгөн үйлөр толук бойдон калыбына келтирилгендигин дагы кошумчалады. Мындан тышкары кыйраган айылдардын ички жолдору асфальтталып, ошого жараша жарыктандыруу иштери жүргүзүлгөн, ичилүүчү суу системасы дагы салынган.
- Ошондой эле жарандык коргонуу комиссияларынын актыларына
ылайык, күйүп кеткен жана капиталдык ремонтко муктаж болгон үйлөрдүн ээлерине толук көлөмдө акча каражаттары берилген. Машинасынан, же малынан ажырагандарга дагы акчалай компенсациялар төлөндү, – деп кошумчалады Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим Алимбаев.
Президент Садыр Жапаров мындан ары дагы Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурулаарын абдан катуу убадалады.
Өткөн жылдын сентябрындагы чек ара чырында Баткендин бир катар айылдары талкаланып, бүтүндөй өрттөлгөн. Буга улай ондогон адамдар каза таап, миңдеген жергиликтүү тургун үй-жайын таштай качышкан. Бийлик Баткенде жаңы 420 үйдү куруп берүүнү убада кылган. Куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү куруу үчүн “Аманат Строй Инвест” жалдаган айрым компаниялар жергиликтүү ишкерлердин акчасын бербей убара кылып жатканы дагы белгилүү болгон. Маселе Жогорку Кеңеште дагы бир нече жолу айтылып, тендерди уткан компанияны жоопко тартуу сунушу көтөрүлгөн.
Баса, журналисттер Достук жана Капчыгай айылдарында үй салган эки компания ишкерлердин 20 миллиондон ашык сомун бере электигин жеринен билип келишкен. Ички иштер министрлиги Баткен облусундагы чек ара жаңжалында талкаланган турак жайларды калыбына келтирүү ишине катышкан “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын өкүлү кармалгандыгын, ал эми “Алмалы-Доор Курулуш” ишканасынын жетекчисине издөө салынгандыгын жарыялаган.
Аталган куралдуу кагылыштан соң эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган. Анда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай даражада жараат алган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапкандыгын, 200гө чукулу жараат алгандыгын билдирген. Каза тапкандар арасында эки тараптан тең балдар бар.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
11.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна 40 РАЙОН – 40 КИТЕП” АТАЛЫШЫНДА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНДЫ
-
15.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКАТТА БАЛДАР ЧОПОДОН ЖАСАЛГАН МЕКТЕПТЕРДЕ БИЛИМ АЛЫШАТ
-
25.11.2024 / Автор anarkan_kg Абибилла КАДЫРБЕРДИЕВ: “ДИН ӨКҮЛДӨРҮН АГАРТУУГА БЕКЕМ ЫКТАДЫК!”
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.