Өлкө аймактары менен кубаттуу
УКМК МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ИШ АЛЫП БАРАРЫН БИЛДИРДИ
НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ ТӨРАГАЛЫКТАН КЕТТИ
КАМЧЫБЕК ТАШИЕВДИН КАЙРЫЛУУСУ ЖАРЫЯЛАНДЫ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
601 Бардыгы / 2006-жылдын октябрь айында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Өзбек Респуликасынын Өкмөттөрүнүн жарандардын өз ара катташуусу жөнүндөгү макулдашуусуна тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Эми ушуга ылайык коңшулаш эки өлкөнүн жарандары мындан ары ID кард менен эле ары-бери эч кандай тоскоолдуксуз гана каттоосуна чоң өбөлгө жаратылды. Маратбек ИСМАИЛОВ, УКМКга караштуу Мамлекеттик Чек ара […]
602 Бардыгы / 2006-жылдын октябрь айында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Өзбек Респуликасынын Өкмөттөрүнүн жарандардын өз ара катташуусу жөнүндөгү макулдашуусуна тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Эми ушуга ылайык коңшулаш эки өлкөнүн жарандары мындан ары ID кард менен эле ары-бери эч кандай тоскоолдуксуз гана каттоосуна чоң өбөлгө жаратылды. Маратбек ИСМАИЛОВ, УКМКга караштуу Мамлекеттик Чек ара […]
КОҢШУЛАРДЫН КАТТООСУ КАЛЫҢДАДЫ
11.09.2023 / Автор anarkan_kg

603 Бардыгы /
2006-жылдын октябрь айында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Өзбек Респуликасынын Өкмөттөрүнүн жарандардын өз ара катташуусу жөнүндөгү макулдашуусуна тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Эми ушуга ылайык коңшулаш эки өлкөнүн жарандары мындан ары ID кард менен эле ары-бери эч кандай тоскоолдуксуз гана каттоосуна чоң өбөлгө жаратылды.
Маратбек ИСМАИЛОВ, УКМКга караштуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары: – Кыргызстандын жана Өзбекстандын Өкмөт башчыларынын расмий түрдө сүйлөшүүлөрүнөн соң гана Ош облусунун Араван районундагы “Кара-Багыш-Автодорожный” жана Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы “Бек-Абад- Автодорожный” чек ара бекеттери аркылуу эки өлкөнүн жарандары мындан ары эч кандай тоскоолдуксуз беймарал каттоосуна абдан оңтойлуу шарттар жаратылды. Мындан ары кудум ушул тейде гана иштемекчибиз.
Нурлан АТТОКУРОВ, УКМКга караштуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын “Достук” чек ара көзөмөлдөө-өткөрүү бекетинин башчысы: – Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары ID кард менен эле бири-бирине тынымсыз каттташып жатышат. Биздин бекет аркылуу күн сайын 17000 жаран, мындан тышкары 300 чакты жүк ташыган жана жеңил автоунаалар каттап жатышат. Ал эми Баткен облусундагы “Кайтпас-Автодорожный” чек ара көзөмөл-өткөрүү бекети менен дагы биз байма-бай байланыштабыз. Алар аркылуу күн сайын 5000 адам, ошондой эле 500 чакты жеңил автоунаалар өткөрүлүп атыптыр.


Сайдамир МАХМУДЖАНОВ, Өзбек Республикасынын Коргон-Төпө районунун тургуну: – Чындыгында, кыйла жылдар бою дадил катташа албай өлө кыйналдык. Бул маселени бир жаңсыл жана биротоло чечишкен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевге терең ыраазыбыз! Ынтымагыбыз мындан ары дагы ого бетер арта берсин!


Оомадбек АМЕДОВ, Өзбек Республикасынын Анжиян шаарынын тургуну: – Кыз беришип, уул үйлөшкөн коңшуларданбыз. Тилекке каршы, акыркы жылдарда жамандык-жакшылыгыбызга дадил катташпай, кыйла эле алыстай түштүк. Буюрса, эми мындан ары чек арабыз биротоло ачылды. Кудайым каттаралибизга нысап, ыйман, элибизге – аманчылык, жергебизге – бейкутчулук ыроолосун!


Бексултан РЫСПЕКОВ, УКМКга караштуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын “Достук-Автодорожный” чек ара бекетиндеги көзөмөлдөөчүсү: – Ар бир кардарыбызга –жаранга сергек жана сый-ырмат менен мамиле жасап жатабыз. Техникаларыбыз жана дагы техникалык каражаттарыбыз дээрлик жетиштүү, баары тең заманбап. Шартыбыз, өзүңүздөр көрдүңүздөр го, абдан мыкты! Эң башкысы: ар дайым элибиз – тынч, жерибиз – бүтүн болсун!
Ошентип Кыргыз Республикасынын жетекчилиги мамлекеттик чек ара аркылуу үзгүлтүксүз ары-бери катташкан жарандарга абдан ыңгайлуу жана дагы заманбап шарттарды жаратуу менен алек. Бул аркылуу өлкөбүздүн туристтик дараметин дагы тынымсыз жогорулатуу аракети жасалууда. Ошондой эле стратегиялык маанидеги бир катар маселелер дагы катарынан жайгарылып жаткан чагы…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg СЕГИЗ ИШКАНА КЫТАЙДЫН ЭКСПОРТТУК ТИЗМЕСИНЕ КИРДИ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАШТАР ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ИШИН МОДЕЛДЕШТИРИШТИ
-
14.02.2025 / Автор anarkan_kg БЕЛГИЛҮҮ ЖУРНАЛИСТ НАРЫНБЕК ИДИНОВ 72 ЖАШЫНДА ДҮЙНӨ САЛДЫ
-
25.02.2025 / Автор anarkan_kg ТАШ-КӨМҮР ШААРЫНА ЖАҢЫ АТАЙЫН ТЕХНИКАЛАР АЛЫНДЫ
-
05.03.2025 / Автор anarkan_kg «ЫЙМАН НУРУ» ДЕПУТАТ СУЛТАНБАЙ АЙЖИГИТОВДУ ФРАКЦИЯДАН ЧЫГАРДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.