Аймак

АЛАЙДЫН ЧИЙ-ТАЛАА АЙЫЛЫНДА “АКПАРИ ЭНЕ” БАЛДАР БАКЧАСЫ ИШКЕ КИРИШТИ

АЛАЙДЫН ЧИЙ-ТАЛАА АЙЫЛЫНДА “АКПАРИ ЭНЕ” БАЛДАР БАКЧАСЫ ИШКЕ КИРИШТИ

 609 Бардыгы /

ОШ. Ош облусуна караштуу Алай районунун Чий-Талаа айылында “Акпари эне” балдар бакчасы ачылып, акыры пайдаланууга тапшырылды.

          Баса, аталган балдар бакчасы 60 орунга ылайыкташтырылган. Бул мектепке чейинки мекеме аталган айылдагы Б.Абжапаров атындагы мектептин бош турган имаратынын ордуна салынды. Муну үчүн Алай райондук өнүктүрүү фондунан 2 миллион 553 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 237 миң сом каралган. Ал эми демөөрчүлөр 350 миң сомдук жардам көрсөтүштү. Айтмакчы, балдар бакчасы бардык керектүү заманбап жабдыктар менен жабдылды.

          Алай районунун Чий-Талаа айылындагы “Акпари эне” балдар бакчасынын ачылышына президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Алай районунун акими Азамат Кожомамбетов, айыл өкмөт активи жана айыл тургундары катышышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17