Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА КЫЗАМЫК ИЛДЕТИНЕ КАБЫЛГАНДАРДЫН САНЫ 144 АДАМДЫ ТҮЗДҮ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА КЫЗАМЫК ИЛДЕТИНЕ КАБЫЛГАНДАРДЫН САНЫ 144 АДАМДЫ ТҮЗДҮ

 672 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарында кызамык оорусуна байланыштуу эки мектеп аралыктан окутууга өткөрүлдү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, Жалал-Абад шаарында кызамык илдетине кабылгандардын саны 144 адамды түздү. Алардын 85и мектеп курагындагы өспүрүмдөр. Мындан улам Жалал-Абад шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиянын чечими менен шаардагы №2 жана №7 мектептер аралыктан окутууга өткөрүлдү.

Ушул тапта кызамык оорусу менен Жалал-Аабд облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 42 бейтап дарыланууда. Жатып дарылангандардын басымдуусу 1 жашка чейинки жаш балдар. Адистер кызамык оорусуна кабылгандардын басымдуусу эмделбегендер экендигин белгилешүүдө. Кызамык – аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет. Оору өтүшүп кетсе, пневмония, мээнин шишигине алып келип, адам азиз болуп калуу коркунучуна кептелет. Башка жугуштуу оорулардай эле анын алдын алуунун жалгыз жолу – эмдөө болуп саналат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17