Аймак

ОШТО ИРАНДАН ТАШЫЛЫП КЕЛЕ ЖАТКАН АНАР ЖАНА КИВИДЕН ЗЫЯНДУУ КУРТТАР ТАБЫЛДЫ

ОШТО ИРАНДАН ТАШЫЛЫП КЕЛЕ ЖАТКАН АНАР ЖАНА КИВИДЕН ЗЫЯНДУУ КУРТТАР ТАБЫЛДЫ

 384 Бардыгы /

«Ош терминал» фитосанитардык текшерүү бекетинде Ирандан ташылып келе жаткан анардын партиясынан комсток курту (рseudococcus comstocki (kuwana) карантиндик зыяндуу организми аныкталды.

          Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, ташылып келе жаткан товардын салмагы жалпысынан 21,630 тоннаны түзгөн. Ошондой эле 18 тонна кивиден тыт калканчасы (рseudaulacaspis pentagona (тargioni-Tozzetti) карантиндик зыяндуу организми табылып, аталган организмдер лабораторияга тапшырылган үлгүлөрдө аныкталды. Баса, бул жүктөрдүн карантиндик фитосанитардык актысына штамп басылып, сатууга жана колдонууга тыюу салынды.

          Ушул тапта расмий түрдө Ирандын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы ыйгарым укуктуу органына Кыргызстандын карантиндик фитосанитардык талаптарынын бузулушу боюнча билдирүү (нотификация) даярдалып, расмий дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтүлдү.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17