Аймак

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

 384 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарынын мэринин коммуналдык маселелер боюнча орун басары болуп Раимжанов Жаныш Авазбекович дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Эрнисбек Ормоков кол койду.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

Жаныш Раимжанов 2015-2018-жылдары Ош мамлекеттик университетинин “Финансы жана кредит” адистигин аяктаган. Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы башкаруу академиясында билим алган. 2015-2019-жылдары эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ош аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда жетектөөчү адисинен баштап, 2019-жылдан ушул күнгө чейин Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу бөлүмүндө башкы адис болуп эмгектенип келе жаткан.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Айбек Джолдошев ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17