Аймак

ОШ ШААРЫНЫН КОМАНДАСЫ РАЙОНДОР АРАЛЫК КӨК БӨРҮ МЕЛДЕШИНДЕ ЧЕМПИОНДУКТУ БАГЫНДЫРДЫ

ОШ ШААРЫНЫН КОМАНДАСЫ РАЙОНДОР АРАЛЫК КӨК БӨРҮ МЕЛДЕШИНДЕ ЧЕМПИОНДУКТУ БАГЫНДЫРДЫ

 363 Бардыгы /

          Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы «Төлөйкөн» ат майданында көк бөрү боюнча райондор аралык мелдеш жыйынтыкталды. Мелдештин финалында Ош шаарынын командасы менен Кара-Кулжанын командасы өз ара беттешип, Ош шаарынын командасы 4:2 эсебинде Кара-Кулжа районунун командасын акыры  багындырды.

          Ошентип, аталган мелдештин жыйынтыгында: биринчи орунду Ош шаарынын командасы ээлеп, 150 миң сомго татыды. Ал эми экинчи орунду Кара-Кулжа командасы багындырып, 100 миң сомго татыды. Буга улай үчүнчү орунга Өзгөн районунун командасы татыды жана 70 миң сом менен сыйланды. Ал эми төртүнчү орунду Ноокат командасына ыйгарышты. Бул командага 30 миң сом тапшырылды. Ал эми калган катышуучу 3 командага тең ар бирине 10 миң сомдон акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

          Ошондой эле аталган мелдештин натыйжасында «Мыкты оюнчу», «Мыкты чабуулчу», «Мыкты аргымак» жана «Мыкты коргоочу» наамдарынын ээлери дагы аныкталып, ар бирине 5 миң сомдон акчалай байгелер тапшырылды. Бул көк бөрү боюнча райондор аралык мелдештин байге фондун бүтүндөй Президенттин Ош облусундагы Өкүлчүлүгү каржылады. 

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17