Аймак

ПАПАН СУУ САКТАГЫЧЫНЫН ДАМБАСЫНА КИЧИ ГЭС КУРУЛАТ

ПАПАН СУУ САКТАГЫЧЫНЫН ДАМБАСЫНА КИЧИ ГЭС КУРУЛАТ

 234 Бардыгы /

“Чакан ГЭС” ААКты кубаттуулугу 25 МВттык  Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычынын дамбасына кичи ГЭСти куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча түз сүйлөшүүлөрдүн процедурасына чакырат.

          Аталган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунан билдиришкендей, долбоордун инвестициялык суммасы болжол менен 27 миллион долларды түзөт. Инвестицинын акыркы суммасы ыйгарым укуктуу орган бекиткен долбоордук-сметалык документтерге ылайык гана аныкталат.

          Баса, аталган сынакка катышууну каалагандар квалификациялык тандоо арызы менен конвертти 2024-жылдын 11-марты саат 16:00гө чейин Чүй облусу, Аламүдүн району, ГЭС-3 айылы, Суворова көчөсү, 113 дареги боюнча тапшырса болот. Долбоорго байланыштуу суроолор боюнча МЖӨ борборуна дагы кайрылыңыздар? Дареги: Бишкек шаары, Исанов көчөсү №87, кабат, 310-кабинет, тел.: +996 (312) 61 11 29.

          Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17