Аймак

ОШ ШААРЫНДА «АГРО-ДИАЛОГ» АГРОӨНӨР ЖАЙ ФОРУМУ ӨТКӨРҮЛӨТ

ОШ ШААРЫНДА «АГРО-ДИАЛОГ» АГРОӨНӨР ЖАЙ ФОРУМУ ӨТКӨРҮЛӨТ

 246 Бардыгы /

Үстүбүздөгү жылдын 29-февралынан тартып 3-мартына дейре Ош шаарында Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан республикалык «Агро-Диалог» аграөнөржай Форуму өткөрүлөт.

          Аталган министрликтин маалыматына караганда,«Агро-Диалог» аграөнөржай Форумунун жүрүшүндө фермерлер айыл чарба тармагындагы мыкты жана заманбап ишкерлер менен таанышышып, жаңы өнөктөштөрдү табуусуна дагы өбөлгө жаралат. Ошондой элен өз бизнесин андан ары ырааттуу өнүктүрүп, а түгүл өндүргөн продукцияларын дагы чет өлкөлөргө экспорттоого чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт.

          Аталган иш-чаранып алкагында айыл чарба тармагындагы көрүнүктүү лидерлердин жана дасыккан мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда конференциялар, ошондой эле тематикалык сессиялар дагы өткөрүлөт. Буга улай кызыкдар тараптар B2B платформасы аркылуу өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп. андан ары келишим түзүүгө дагы мүмкүнчүлүк табылат. Кыскасы, бул-иш-чара фермерлердин, ишкерлердин жана кайра иштетүү өнөр жайынын өкүлдөрүнүн башын коштуруп, мынгдан ары ийиндеше иштешүүсүнө шарт жаратат деген үмүт бар.  

          Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17