Аймак

ООЗ АЧУУГА КАТЫШКАН 12 АДАМ ТАМАККА УУЛАНДЫ

ООЗ АЧУУГА КАТЫШКАН 12 АДАМ ТАМАККА УУЛАНДЫ

 135 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абадда облусунун ар кайсыл райондорунан чогулушкан тургундар Сузак районунун Саты айылындагы эс алуу жайына ооз ачууга барышкан эле. Булардын он экиси тамакка ууланышты. Ошондуктан, аталган кафе убактылуу жабылып, анын жетекчисине жана медициналык кароодон өтпөгөн эки официантка дагы айып пул салынды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Рома Ураимов билдирди.

          Доктор Рома Ураимовдун айтымында, бейтаптар Сузактагы эс алуу борборлорунун бирине оозу ачууга барышып, тамактанышкандан соң абалдары начарлагандыктан, дароо эле ооруканага кайрылышкан.

          Баса, Жалал-Абад облустук Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Рома Ураимов иликтөөнүн жыйынтыгы жакында чыгаарын билдирди. Ал эми кафе убактылуу жабылып, анын жетекчисине 23 миң сом, медициналык кароодон өтпөгөн эки официантка 3 миң сомдон айып пул салынды. Жабырлануучулар үйүнө чыгарылгандыгы дагы кошумчаланды.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17