Аймак

БАТКЕНДЕ КАЙРЫМДУУЛУК ИШ-ЧАРАСЫ ӨТКӨРҮЛҮП, АБДАН МУКТАЖДАРГА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛДҮ

БАТКЕНДЕ КАЙРЫМДУУЛУК ИШ-ЧАРАСЫ ӨТКӨРҮЛҮП, АБДАН МУКТАЖДАРГА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛДҮ

 141 Бардыгы /

          Баткен облусунун борбору Баткен шаарында ыйык Орозо айынын урматына кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү. Бул туурасында Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

          Аталган иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Кыргыз Республикасынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдышүкүр Нарматов, «Баткен Ыйман Нуру» коомдук фондунун жетекчиси Апызаалы Кочкоров жана жергиликтүү жетекчилер дагы катышышты. «Баткен Ыйман Нуру» коомдук фонду тарабынан муктаж болгон 61 баланын үй-бүлөсүнө азык-түлүк иретинде жардам көрсөтүлдү.

          МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ: «Баткен Ыйман Нуру» коомдук фонду 2019-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келатат. Аталган фонд ата-энесинен ажыраган балдарды багып алууга, толук кандуу тарбия берүүгө мүмкүнчүлүгү бар үлгүлүү ата-энелерди таап, өкүл ата жана дагы өкүл апа сыңары дайындап келишет. Демилгени көтөргөн Апыз Кочкоров алгачкылардан болуп жубайы экөө өкүл балалуу болушкан. Бул фонд 2019-жылдан бери 7, 5 миллион сомдук жардам көрсөткөн, жалпы жонунан 18 баланын сүннөт тоюн өткөргөн, 48 бала өкүл ата жана өкүл апалуу болушту.

          Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17