Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
379 Бардыгы / Жалал-Абад облусундагы 4 мектептин ачылыш аземи болуп, Өлкө башчысынын катышуусунда Жалал-Абад шаарындагы №18 Манас 1000 мектеп ачылды. Ал эми калган 3 мектеп онлайн режиминде ачылды. Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нуркожоевич өз сөзүндө Жашыл шаар атыккан Манас 1000 атындагы жалпы орто билим берүү мектебин ачты. Мамлекет башчы өз сөзүндө төмөнкүлөрду белгилеп айтты. “Бул […]
380 Бардыгы / Жалал-Абад облусундагы 4 мектептин ачылыш аземи болуп, Өлкө башчысынын катышуусунда Жалал-Абад шаарындагы №18 Манас 1000 мектеп ачылды. Ал эми калган 3 мектеп онлайн режиминде ачылды. Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нуркожоевич өз сөзүндө Жашыл шаар атыккан Манас 1000 атындагы жалпы орто билим берүү мектебин ачты. Мамлекет башчы өз сөзүндө төмөнкүлөрду белгилеп айтты. “Бул […]
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 275 ОРУНДУУ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ
12.04.2024 / Автор anarkan_kg381 Бардыгы /
Жалал-Абад облусундагы 4 мектептин ачылыш аземи болуп, Өлкө башчысынын катышуусунда Жалал-Абад шаарындагы №18 Манас 1000 мектеп ачылды. Ал эми калган 3 мектеп онлайн режиминде ачылды.
Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нуркожоевич өз сөзүндө Жашыл шаар атыккан Манас 1000 атындагы жалпы орто билим берүү мектебин ачты. Мамлекет башчы өз сөзүндө төмөнкүлөрду белгилеп айтты.
“Бул мектептин курулушу 2019-жылы башталып 5 жыл аралыгында ачылып, пайдаланууга берилип турат. Экономикалык маанилүү борборго айланып келе жаткан Жалал-Абад шаарында инфра түзүмдүк иш аракеттерден сырткары билим берүүгө да өзгөчө көңүл бурулуп келет.
Биз акыркы жылдары балдарыбыздын билим сапатын жакшыртуу үчүн мектеп уяларынын курулушун масштабдуу түрдө колго алдык. Өткөн жылы 100дөн ашуун мектепти колдонууга бердик. Бул багыттагы жумуштар ушул темпте дагы улана берет.
Мектептерден сапаттуу билим алып келечекте мекенчил, билимдүү атуулдары чыгат деген үмүт артам. Себеби билим менен укмуштуудай бийиктиктерди багындырууга болот. Билимдүү жаштарыбыз мамлекетибиздин келечеги, улутубуздун уңгусу, өлкөбүздүн байлыгы”,- деп баса белгиледи.
“Урматтуу мекендештер өлкө аймагында келерки жылдан тарта 12 жылдык билим берүү системасынан өтөт. Анда учурдагы стандарттар өзгөртүлуп, адистештирилген класстарды уюштурууга өзгөчө көңүл бөлүнөт. Мындай аракеттер бүткүл дүйнөлүк бирдиктүү билим берүү стандарттарына кошулуу балдарыбыздын өнүгүүсүнө эң чоң инвестицияларды салуу заман талабына жараша алардын эмгек рыногунда өз ордун табууга шарт түзүү болуп эсептелинет” -деп билдирди.
Мындан сырткары Өлкө башчысы Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунда ири инвестициялуу долбоорлор ишке аша турганын айтып, алар Майлуу-Суу лампа заводу 1 миллиард сомго, “Кыргызнефтегазты” ААК 410 миллион АКШ долларына модернизацияланарын кошумчалады. Ошону менен бирге бул жылы түндүк-түштүк альтернативалык авто жолу да ачыларын, Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушунун экинчи этабы башталат жана Жалал-Абад шаарындагы жол тыгындарын азайтуу, шаарды иретке келтирүү максатында 22 гектар жер аянтына заманбап базар курууну пландоодо, мындан сырткары Жалал-Абад шаарында Кытайлык инвесторлор менен бирге жеңил жүк ташуучу унааларды чогулта турган завод ачууну көздөөдө экендигин, бул пландар ишке ашса, жергиликтүү бюджеттин кирешеси артып, жаңы жумуш орундар түзүлөрүн, Кыргызстан мамлекети өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктайт экендигин кошумчалап кетти.
“Биздин вталган мектеп 1995-жылы негизделип, мурунку имарат 120 орунга гана ылайыкташып, фин тибинде салынган. Учурда мында 308 окуучу билим алат. 24 мугалим эмгектенет. Азыр бардык шарттары менен типтүү 275 орундуу мектеп салынды. Баардык шарттар жаратылган. Мында ашкана, спорт зал, актовый зал, биология, физика жана химия предметтери үчүн атайын лабораториялык бөлмөлөр да камтылган,– деди Манас 1000 мектебинин директору Элнура Калбекова.
Буга кошумча быйылкы окуу жылында Жалал-Абад шаарында М.Бапкин атындагы №1 375 орундуу мектептин имараты, 250 орундуу №19 мектеп демөөрчүлөрдүн колдоосунда, 150 орундуу №23 “Билитай” балдар бакчасы ачылды.
Нургүл АБДЫЛДАЕВА, “Аймак”
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
03.10.2023 / Автор anarkan_kg МИЛИЦИЯ МУГАЛИМДЕР КҮНҮНӨ КАРАТА МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА УЮШТУРДУ
-
06.09.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ЖАЛАЛ-АБАДДА АПАС ЖУМАГУЛОВДУН 90 ЖАШ МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ
-
-
-
08.09.2023 / Автор anarkan_kg ЖАРАНГА 8 ЖОЛУ БЫЧАК САЙГАН ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ
-
-
Маек
Жакып МАМАЖАНОВ: “АЛДЫҢКЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ТАЖРЫЙБАЛАРДЫ ЖАНА ЗАМАНБАП УСУЛДАРДЫ МЕКТЕПТЕРДЕ КЕҢИРИ ЖАЙЫЛТКАНГА БЕКЕМ ЫКТАДЫК!”
Республикабыздын бардык булуң-бурчундагыдай эле Ош облусунун Араван районунда дагы агартуучулар…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.