Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
499 Бардыгы / Ушул жылдын 28-апрелинде боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө аралашкандыгы айтылган мамлекеттик кызматкерлерге акыры катаал чаралар көрүлдү. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, соцтармактарда шайлоо өнөктүгүнө Ош шаар мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери дагы аралашып жатышкандыгы туурасында тараган маалыматтын негизинде атайын комиссия түзүлүп, дароо кызматтык […]
500 Бардыгы / Ушул жылдын 28-апрелинде боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө аралашкандыгы айтылган мамлекеттик кызматкерлерге акыры катаал чаралар көрүлдү. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, соцтармактарда шайлоо өнөктүгүнө Ош шаар мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери дагы аралашып жатышкандыгы туурасында тараган маалыматтын негизинде атайын комиссия түзүлүп, дароо кызматтык […]
ОШТО ШАЙЛООГО АРАЛАШКАН КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ ЧАРА КӨРҮЛДҮ
26.04.2024 / Автор anarkan_kg501 Бардыгы /
Ушул жылдын 28-апрелинде боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө аралашкандыгы айтылган мамлекеттик кызматкерлерге акыры катаал чаралар көрүлдү. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, соцтармактарда шайлоо өнөктүгүнө Ош шаар мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери дагы аралашып жатышкандыгы туурасында тараган маалыматтын негизинде атайын комиссия түзүлүп, дароо кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында айрым кызматкерлер ишинен бошотулуп, ал эми кээ бирөөлөрүн кызматтан четтетүү сунушу дагы айтылды. Бир катар кызматкерлерге эскертүү жасалды. Маселен, “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Рустам Эгамбердиев кызматынан шыпырылды. Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркуловго, “Ош шаар суу канал” ишканасынын жетекчиси Дөөлөтбек Кокочоровго катуу эскертүү жасалып, анын орун басары Талант Байкишиевди жана Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкери Камил Камчы уулун кызматтан бошотуу сунушу жетекчилигине жөнөтүлдү. Мындан тышкары Транспорт жана коммуникация министрлигинин Ош облусундагы салмак габаритти көзөмөлдөө департаментинин башчысы Бакай Жолдошбаев менен “ОшГаз” ишканасынын жетекчисинин орун басары Мирбек Маматовго дагы мыйзам чегинде чара көрүү сунушу аталган мекемелерге жөнөтүлдү.
Баса, атайын териштирүүнүн жүрүшүндө шайлоо өнөктүгүнө аралашкандыгы айтылган Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Эгембердиев, “Ош жылуулук камсыздоо” ишканасынын кызматкерлери Алтынбек Жунусов, Кабылжан Абдибаитов, Раджи Жээналиев, Айзирек Атажанова, Сухраб Сайдуллаев жана Ашимжан уулу Нооруз аталган ишканада иштебей калышкандыгы аныкталды.
Анткени, мындан бир күн мурда эркин журналист Ыдырыс Исаков аталган аткаминерлер жана аларга баш ийген кызматкерлер шайлоодогу талапкерлердин бири Бекмырза Эргешовдун штабында жүрүшкөндүгүн ашкерелееген. Блогердин иликтөөсүндө калаа жетекчиси Бакыт Жетигенов дагы комментарий берип, эгер анда фото-видео далилдер болсо, аталган кызматкерлерге токтоосуз чара көрүлөөрүн убадалаган. А буга чейин Кара-Суу бир мандаттуу округунда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодогу талапкерлердин бири “Тоскоолдуктардан улам” жарыштан чыкканын билдирген. Бирок, кандай тоскоолдуктар болгондугун ал ачыктаган эмес.
Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде Ош, Кара-Суу жана Баткен бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүлөт.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
12.08.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА 500 ОРУНДУУ МЕКТЕП КУРУЛУУДА
-
12.08.2026 / Автор anarkan_kg ТАШ-КӨМҮРДӨГҮ ЭСКИ КӨПҮРӨ ТУРИСТТИК ЖАЙГА АЙЛАНМАКЧЫ
-
30.08.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНӨ КАРАТА ГАЛА-КОНЦЕРТ ӨТӨТ
-
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg 6-ОКТЯБРДА БОЛГОН ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ЖАЛПЫ 13 ИМАРАТ ЖАБЫРКАДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.