Аймак

15-16-МАЙ КҮНДӨРҮ БИШКЕК ШААРЫ ЖАНА ЧҮЙ ОБЛУСУНУН АЙРЫМ КӨЧӨЛӨРҮНӨ МАЛ-МААЛЫ МЕНЕН ЧЕКТӨӨЛӨР КИРГИЗИЛЕТ

15-16-МАЙ КҮНДӨРҮ БИШКЕК ШААРЫ ЖАНА ЧҮЙ ОБЛУСУНУН АЙРЫМ КӨЧӨЛӨРҮНӨ  МАЛ-МААЛЫ МЕНЕН ЧЕКТӨӨЛӨР КИРГИЗИЛЕТ

 225 Бардыгы /

БИШКЕК. 2024-жылдын 15-16-майында Кыргыз Республикасына Малайзиянын примьер-министри иш сапары менен келгендигине байланыштуу Бишкек шаары жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.
ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, чектөөлөр:
– «Манас» Эл Аралык Аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
– Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Жибек-Жолу көчөсүнө  чейин;
-Жибек-Жолу көчөсү  Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
– Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
-«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз.
Эскертүү: Эгерде кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17