Аймак

АКШ МЕНЕН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ОРТОСУНДАГЫ ӨЗ АРА БАЙЛАНЫШТАР БЕКЕМДЕЛЕТ

АКШ МЕНЕН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ОРТОСУНДАГЫ ӨЗ АРА БАЙЛАНЫШТАР БЕКЕМДЕЛЕТ

 531 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 22-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Анда тараптар АКШ менен Жалал-Абад облусунун ортосундагы өз ара кызматташтык алакаларынын жүрүшү, иш алып баруудагы пландарды талкуулашты. Анын ичинен соода-сатык, тоо-кен, билим берүү тармагы, саламаттыкты сактоо жаатындагы байланыштарды тереңдетүү жөнүндө сөз болду.

Жолугушууда Мамасалы Акматов Жалал-Абад облусу менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы көп жылдык натыйжалуу мамилелер жолго коюлганын белгиледи.

Лесли Вигери АКШ элчилиги өнүгүү потенциалы чоң Жалал-Абад облусу менен кызматташууга кызыктар экенин айтып, анда басымдуу тоо-кен тармагында иш алып баруу, экологияны сактоо жааты артыкчылыктуу экенин кошумчалады.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17