Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
УКМК МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ИШ АЛЫП БАРАРЫН БИЛДИРДИ
НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ ТӨРАГАЛЫКТАН КЕТТИ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
361 Бардыгы / АКШнын Бишкек шаарындагы Элчилиги АКШ жарандары үчүн виза тартибин түзүү жана маалымат кызматтары боюнча бир катар жакшыртылгандыгын чоң канаттануу кубануу менен билдирет. Мындай өркүндөтүүлөр иммигранттык жана иммиграциялык эмес виза алуу үчүн арыз берүү тартибин ого бетер жеңилдетет. Үстүбүздөгү жылдын 10-июнунан тартып күчүнө кирген бул жапжаңы катталуу системасы ар кандай жолугушууларды пландаштырууну, жыйымдарды төлөөнү […]
362 Бардыгы / АКШнын Бишкек шаарындагы Элчилиги АКШ жарандары үчүн виза тартибин түзүү жана маалымат кызматтары боюнча бир катар жакшыртылгандыгын чоң канаттануу кубануу менен билдирет. Мындай өркүндөтүүлөр иммигранттык жана иммиграциялык эмес виза алуу үчүн арыз берүү тартибин ого бетер жеңилдетет. Үстүбүздөгү жылдын 10-июнунан тартып күчүнө кирген бул жапжаңы катталуу системасы ар кандай жолугушууларды пландаштырууну, жыйымдарды төлөөнү […]
АКШнын БИШКЕКТЕГИ ЭЛЧИЛИГИ КОНСУЛДУК КЫЗМАТТАРДЫ ЖАКШЫРТУУ ҮЧҮН ЖАҢЫ КАТТАЛУУ СИСТЕМАСЫН ИШКЕ КИРГИЗДИ
13.06.2024 / Автор anarkan_kg363 Бардыгы /
АКШнын Бишкек шаарындагы Элчилиги АКШ жарандары үчүн виза тартибин түзүү жана маалымат кызматтары боюнча бир катар жакшыртылгандыгын чоң канаттануу кубануу менен билдирет. Мындай өркүндөтүүлөр иммигранттык жана иммиграциялык эмес виза алуу үчүн арыз берүү тартибин ого бетер жеңилдетет. Үстүбүздөгү жылдын 10-июнунан тартып күчүнө кирген бул жапжаңы катталуу системасы ар кандай жолугушууларды пландаштырууну, жыйымдарды төлөөнү жана суроолор боюнча жардам алуу түйшүгүн дагы кыйла жеңилдетет.
Ошентип, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги жаңы коопсуз жана колдонууга оңой веб-сайтты ишке киргизди. Анда иммигрант эмес жана иммиграциялык визага кайрылган адамдар визаны үзгүлтүксүз жолугушууларды пландаштырып, тездетилген шашылыш жолугушууларды сурай алышат жана чогуу-чараан саякаттаган топтор үчүн жолугушууларды дагы пландаштырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары эми талапкерлер виза үчүн төлөмдөрдү төлөө үчүн ыңгайлуураак мүмкүнчүлүктөргө жаралат. Алар Кыргыз Республикасы боюнча Компаньон Банкынын каалаган филиалына келип, Кыргыз сому менен төлөй алышат, же ошол эле жаңы веб-сайт аркылуу АКШ доллары менен онлайн дагы төлөй алышат.
Ал эми АКШ жарандары жана виза тапшыруучулар жаңы колл-борбордон дагы кызматтарды алышат. Бул иммигранттык эмес жана иммиграциялык виза кызматтары жана АКШ жарандары үчүн шашылыш эмес маселелер боюнча англис, кыргыз жана орус тилдеринде Бишкек убактысы боюнча эртең мененки саат 9:00дөн 17:00гө чейин жооп бере алат. Байланыш борборуна электрондук почта, же телефон аркылуу кайрылса дагы болот.
АКШ жарандары ошондой эле Кыргыз Республикасына саякаттап жүрүшкөн, же анда жашагандар үчүн учурдагы көрсөтмөлөрдү камтыган жаңыланган веб-сайттан пайдалана алышат. Жаңы сайт паспорт кызматтары, атайын консулдук кызматтар жана Кыргыз Республикасына саякатчылар үчүн жалпы жетекчилик боюнча көп берилүүчү суроолорго жоопторду ичине камтыйт.
- АКШнын Бишкектеги Элчилигинин жамааты Кыргызстандын
коомчулугуна жана чет өлкөдөгү АКШ жарандарына натыйжалуу жана жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүүгө умтулат, – деди вазийпа башчысынын орун басары Лиз Зентос. – Ушундай жакшыртуулар арыз берүү жараянын ого бетер жеңилдетет жана талапкерлердин биздин элчилик менен иштешүүсүн ого бетер жеңилдетет.
Кыскасы, төмөндө талапкерлер бул жаңы жана жакшыртылган виза кызматтарына кире алышат:
- Иммигрант эмес-иммигранттык виза кызматтары үчүн вебсайт: https://ais.usvisa-info.com/en-us/countries_list/niv
- Иммигранттык эмес жана иммиграциялык виза суроо үчүн электрондук почта даректери: Kyrgyzstan.Visas@gdit-gss.com
- Байланыш борборунун номерлери:
- Жергиликтүү номер: +996 312 963108
- Америка Кошмо Штаттарынан чалгандар: +1 703 249 4606
Баса, АКШ жарандары жаңыртылган маалыматты бул жерден таба алышат:
- АКШ жарандарынын кызматтары жөнүндө маалымат үчүн веб-сайт: https://usacs-cert.com/en-kg/
- Шашылыш эмес суроолор үчүн электрондук почта дареги: Kyrgyzstan.ACS@gdit-gss.com
- Шашылыш эмес суроолор үчүн Call-борбордун номерлери:
- Жергиликтүү номер: +996 312 963108
- Америка Кошмо Штаттарынан чалгандар: +1 703 249 4606
Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
-
-
13.02.2026 / Автор anarkan_kg Президент С.Жапаров: МЫЙЗАМ ЖАНА ЭЛДИН ТЫНЧТЫГЫ БААРЫНАН ЖОГОРУ
-
25.02.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 300 МИҢДЕН АШУУН ГҮЛ ЭГИЛЕТ
-
-
12.03.2025 / Автор anarkan_kg «ОШ» АЭРОПОРТУНУН УЧУП-КОНУУ ТИЛКЕЛЕРИ ЗАМАНБАП ОҢДОЛОТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.