Аймак

ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ АГЕНТТИГИ: “ОШ” АЭРОПОРТУ БЕШ ЖЫЛГА ДЕЙРЕ ЭЧ ЖАККА ЖЫЛДЫРЫЛБАЙТ

ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ АГЕНТТИГИ: “ОШ” АЭРОПОРТУ БЕШ ЖЫЛГА ДЕЙРЕ ЭЧ ЖАККА ЖЫЛДЫРЫЛБАЙТ

 210 Бардыгы /

        Жарандык авиация агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостонов «Ош» Эл аралык аэропорту алдыңкы беш жыл аралыгында эч жакка жылдырылбай тургандыгын шарданы кылды. Бул туурасында ал Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 18-июндагы отурумунда билдирди.

Жогорку Кеёеш депутаты Улукбек Ормонов экинчи борбор калаадагы аба майдан качан жылдырылаарын сураштырды. Ал жаңы аэропорт курулчу жерди Президент Садыр Жапаров көрүп кеткендигин, чечим кабыл алынса эле аткарыла турган иш экендигин баса белгиледи. Ал эми Данияр Бостонов бул маселе жаатында Президенттин администрациясы менен макулдашуу болгондугун, аларда азырынча аба майданды жылдырбай туруу боюнча кат бар экендигин кошумчалады. Ал мунун чоо-жайын  кенен-чонон түшүндүргөн жок.

Баса, Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 1-майында Ош жана Жалал-Абад шаарларына сапарлап, жаңы аэропорттор курула турган жер тилкелерин көрүп чыккан эле. Анда аба майдандан башка жакка жылдырылып, алардын ордуна аэропорттордун ордуна заманбап турак жайларды куруу планы айтылган. Курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген ипотека менен берилери кабарланган.

Ушул таптагы «Ош» эл аралык аэропортунун аймагынын жалпы аянты 168 гектарды жана “Жалал-Абад” аэропортунун аймагынын жалпы аянты 78,2 гектарды түзөт. «Ош» Эл аралык аба майданы – Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт. Анын имараты 1974-жылы курулган жана анда 900дөн ашык киши иштейт. Аэропорт жумасына 160ка жакын каттамды уюштурат. Азыркы аэропорт Ош шаарынан 9 чакырым алыстыкта жайланышкан.

Жаңы аэропортту Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр жана Мады айылдарынын аймагындагы тилкеге куруу пландаштырылып жаткан. Ал эми «Жалал-Абад» аэропорту ички каттамдарды гана жүзөгө ашырат. Анда акыркы жолу 2018-жылы оңдоп-түзөө иштери жүргөн.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17