Өлкө аймактары менен кубаттуу
КАМЧЫБЕК ТАШИЕВДИН КАЙРЫЛУУСУ ЖАРЫЯЛАНДЫ
ӨЛКӨ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК 48 АВТОМЕКТЕП АЧЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
16 Бардыгы / Маркумду узатуу, үйлөнүү той, кыз узатуу, ажыга, умра зыяраттарына узатуу жана тосуп алууларга чектөө киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты. Коомдук талкууга коюлган «Кыргызстандагы каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө» мыйзамдын демилгечилери депутаттар Замирбек Мамасадыков жана Шайырбек Ташиев. Мыйзам долбооруна ылайык, маркумду узатууда «үчүлүк», «жетилик», «кыркы», «жылдык» өткөрүүгө тыюу салынат. Үлпөт той […]
17 Бардыгы / Маркумду узатуу, үйлөнүү той, кыз узатуу, ажыга, умра зыяраттарына узатуу жана тосуп алууларга чектөө киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты. Коомдук талкууга коюлган «Кыргызстандагы каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө» мыйзамдын демилгечилери депутаттар Замирбек Мамасадыков жана Шайырбек Ташиев. Мыйзам долбооруна ылайык, маркумду узатууда «үчүлүк», «жетилик», «кыркы», «жылдык» өткөрүүгө тыюу салынат. Үлпөт той […]
ЫСЫРАПКОРЧУЛУКТУ ЧЕКТЕГЕН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ
28.01.2025 / Автор anarkan_kg18 Бардыгы /
Маркумду узатуу, үйлөнүү той, кыз узатуу, ажыга, умра зыяраттарына узатуу жана тосуп алууларга чектөө киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты.
Коомдук талкууга коюлган «Кыргызстандагы каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө» мыйзамдын демилгечилери депутаттар Замирбек Мамасадыков жана Шайырбек Ташиев.
Мыйзам долбооруна ылайык, маркумду узатууда «үчүлүк», «жетилик», «кыркы», «жылдык» өткөрүүгө тыюу салынат. Үлпөт той жана кыз узатууда катышуучулардын санын чектөө менен андагы «кийит кийгизүү», «себет берүү», «конок берүү», «түштөнүү» сыяктууларга тыюу салынат. Ага моюн сунбагандарга айып пул салуу каралган.
Долбоордун негизги максаты жарандардын социалдык, экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, алардын экономикалык абалына, үй-бүлөлүк каржысына жана жашоо турмушунун моралдык негиздерине олуттуу зыян келтирип жаткан салтанаттарды чектөө болуп саналат. Мыйзам негизинен үч бөлүмдөн турат. Алар: Маркумду узатуу; «Үйлөнүү той», «Кыз узатуу» тойлорундагы ысырапкорчулукту чектөө; Ажыга, Умра зыяраттарына узатуу жана тосуп алууларга чектөө киргизүү болуп саналат.
Маркумду узатуу боюнча:
-Ага катышуучулардын саны чектелбестен майда жандык, жылкы, бодо мал союлбастан өткөрүлөт;
-Үч күн өткөн соң маркумду эскерүү иш-чарасы («Куран окутуу») бирден көп эмес жылкы же бодо мал союу менен өткөрүлүүсү мүмкүн;
-Маркум дүйнө салгандан кийинки «үчүлүк», «жетилик», «кыркы», «жылдык» сыяктуу жана башкаларды өткөрүүгө тыюу салынат.
Үй-бүлөлүк каада-салттар, салтанаттар жана үрп-адаттар боюнча:
-«Үйлөнүү той» салтанаты бир бодо мал же бир жылкы 250дөн ашпаган адамдардын катышуусунда өткөрүлөт;
– «Кыз узатуу» салтанаты бир бодо мал же бир жылкы сою менен 100дөн ашпаган адамдардын катышуусунда өткөрүлөт;
– Эгерде «Үйлөнүү той» салтанаты жана «Кыз узатуу» салтанаты бирге өткөрүлсө бир бодо мал же бир жылкы союу менен 350 адамдан ашпаган өткөрүүгө жол берилет;
– Жаш жубайлардын үйлөнүүгө байланышкан салтанаты үчтөн ашпаган автоунааны пайдалануу менен жүргүзүлөт;
– Жогоруда аталган каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө «Кийит кийгизүү», «Себет берүү», «Конок берүү», «Түштөнүү» сыяктуу кошумча ысырапкорчулукту алып келген үрп-адаттарга тыюу салынат.
Диний ырасымдар боюнча:
-«Ажы», «Умра» зыяратына баргандарды узатуу жана тосуп алуу ырасымдары үй-бүлөлүк чөйрөдө өткөрүлүүсү мүмкүн;
-«Ажы», «Умра» зыяратына баргандарды «узатуу», «тосуп алуу» сыяктуу ысырапкорчулукка алып келген ырым-жырымдарга тыюу салынат.
Ашыкча ысырапкорчулукка жол берилип келаткан каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө улуттук маданияттын нагыз баалуулуктарынан четтеп, куру-намыстын жана атаандаштыктын мамиледе киреше алуу максатына айланып калган ысырапкорчулуктарды чектөө мыйзам долбоордун максаты жана милдети болуп саналат.
Аталган мыйзамда талаптарды бузган жактарга Укук бузуулар кодексинин 138-беренесинде белгиленген тартипте жоопкерчилик чара колдонулат.
Ага ылайык:
-Той ээсине 3000 эсептик көрсөткүч;
-Салтанат өткөрүлгөн жердин ээсине 1000 эсептик көрсөткүч;
-Сөөк коюу жана аза күтүүдө уюштурууга жана өткөрүүгө жооптуу жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу каралган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
-
-
11.02.2026 / Автор anarkan_kg САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ЖАҢЫ АДМИНИСТРАТИВДИК ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ
-
11.02.2026 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ БИР КАТАР ЖЕТЕКЧИЛЕРГЕ КАТУУ СӨГҮШ БЕРДИ
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg Тема: СУУНУН ҮЧ АБАЛЫ (суу, муз, буу)
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.