Аймак

ИЛИМИЙ ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ЖЕҢИШ КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

ИЛИМИЙ ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ЖЕҢИШ КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

 12 Бардыгы /

Аксы районунун Кербен шаарындагы Жунай Мавлянов атындагы лицей орто мектеби менен Аксыдагы Жеңиш Бекболотов атындагы коллеждин студенттери “Эч ким эч качан унутулбайт” деген темада илимий практикалык конференция өткөрүшүп,  Жеңишти жараткан аталардын эрдиктери даңазаланды.  Конференцияда тарых илимдеринин кандидаты, Сапаралы Наркеев, акын жазуучу Абдымомун Калбаев,  студенттер, окуучулар Мүрөк Атамырзаев, Мунара Качкынбаева, Бек-Багыр Анарбеков, Акмарал Өмүркулова,  Бегалиев кызы Айзирек,  Айдана Калыбекова , Зарина Ашырбекова,  Таалайбек Кадырбеков, жана Эльмира Жоробекова “Даңк орденин үч даражасынын  кавалери Масалбек Шатманов” тууралуу өтө кызыктуу илимий баяндамаларды жасашты. Конференция окуучулар менен студенттердин ыр бийлери менен шөкөттөлүп шаңына чыкты. Улуу Жеңишти даңктаган дубал газеталар мында келгендерди өтө кызыктырды.  Конференциянын катышуучулары атайын резолюция кабыл алды.. конференция өтө жогорку деңгээлде өттү.  Даярдаган тарых илимдеринин кандидаты Сапаралы Наркеевге катышуучулар терең ыраазычылык билдиришти.

Абдымомун КАЛБАЕВ, Аксы району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17