Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН АТАЛЫШЫНЫН МАНАС ШААРЫ БОЛУП ӨЗГӨРТҮЛГӨНДҮГҮНӨ КАРАТА ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН АТАЛЫШЫНЫН МАНАС ШААРЫ БОЛУП ӨЗГӨРТҮЛГӨНДҮГҮНӨ КАРАТА ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

 3 Бардыгы /

Жыйынга 30-сентябрда Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев Манас шаарына иш сапары менен барып, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Эрматов Нурлан Манапович, Манас шаарынын мэри Ормоков Эрнис Абдижалилович, Манас шаардык кеңешинин төрагасы Каныбек Маманов жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен кеңири жыйын өткөрдү.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 17-сентябрында кол койгон жана 27-сентябрдан тартып күчүнө кирген «Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Атап айтканда, төмөнкү багыттар боюнча иштерди аткаруу пландалды:

• мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, уюмдардын аталыштарын кайра каттоо;

• жол белгилерин, жарнамаларды жана көрсөтмөлөрдү жаңылоо;

• окуу китептеринде жана карталарда жаңы аталышты колдонуу;

• шаарга герб, туу жана ураан кабыл алуу үчүн ачык конкурс жарыялоо;

• мамлекеттик документтерди жана маалыматтык системаларды жаңыртуу;

• калкка маалымат каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө бул иштерди так жана ыкчам аткаруу зарылдыгын белгилеп, жергиликтүү бийлик органдары менен тиешелүү мамлекеттик мекемелерге конкреттүү тапшырмаларды берди.

“Шаардын жаңы аталышы менен дагы бир жолу куттуктап кетким келет. Бул чечим — улуттук баалуулуктарыбызды даңазалаган, улуттун руханий биримдигин чыңдаган чоң кадам. Айрыкча бул демилгени көтөрүп чыккан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Кыдыршаевичке өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Жаңы Манас шаары — жаңы доордун символу болсун! Мээнеткеч элдин, ынтымактуу жамааттын күчү менен бул шаар өнүгүүнүн, биримдиктин жана жаңычылдыктын үлгүсү болушуна ишенем. Манас шаары Кыргызстандын сыймыктуу, өнүккөн, замандын талабына жооп берген шаарларынын бири болушу үчүн ар бирибиз чын дилибизден эмгектенип, биргеликте аракет кылышыбыз керек. Мындан ары Манас шаары — өнүгүүнүн, биримдиктин, тартиптин жана маданияттын символу болуп калаарына ишенем”, — деди Базарбаев.

Манас шаарына жаңы аталыштын ыйгарылышы — кыргыз элинин байыркы тарыхын, маданий мурасын даңазалаган маанилүү чечим болуп эсептелет. Бул өзгөрүү өнүгүүнүн, биримдиктин жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн символу катары чоң тарыхый кадам болуп саналат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17