Аймак

ГЭСтердин ГИДРОАГРЕГАТТАРЫ ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ

ГЭСтердин ГИДРОАГРЕГАТТАРЫ ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 18-ноябрда реконструкциядан өткөрүлгөн Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегаты жана ҮчКоргон ГЭСинин экинчи гидроагрегаты салтанаттуу түрдө ишке киргизилди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Энергетика министри Таалайбек Ибраев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана энергетика тармагынын кызматкерлери катышты.

Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү гидроагрегаттын модернизациясы толугу менен ийгиликтүү аяктап, пайдаланууга берилди. Натыйжада ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 1200 мегаваттан (МВт) 1440 мегаватка чейин жогорулап, 240 мегаватт кошумча кубаттуулукка ээ болду. Модернизациянын алкагында станциядагы бардык төрт гидроагрегат жаңыртылып, ар биринин кубаттуулугу 300 МВттан 360 МВтка чейин жогорулатылды. Реконструкциялоо иштери 2021–2025-жылдары этап-этабы менен жүргүзүлүп, 1975-1977-жылдары ишке берилген агрегаттар толугу менен заманбап технологиялар менен жабдылды.

Үч-Коргон ГЭСинде да реабилитациялоо иштери пландуу түрдө уланууда. Бүгүн ишке киргизилген экинчи гидроагрегат жаңыртылып, анын кубаттуулугу 45 МВттан 54 МВтка чейин жогорулады. 2024-жылы алмаштырылган биринчи гидроагрегат да 9 МВт кошумча кубаттуулук берген. Натыйжада ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 180 МВттан 198 МВтка чейин өсүп, 18 МВт кошумча кубаттуу ресурс пайда болду.

Иш-чарада облус башчысы Тилек Текебаев тармактын кызматкерлерин куттуктап, жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер өлкөнүн энергетика тармагы үчүн стратегиялык мааниге ээ, узак мөөнөттүү инвестиция экенин белгиледи.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17