Аймак

АКСЫ РАЙОНУНДА ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

АКСЫ РАЙОНУНДА ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 27-январда Аксы районунда 2025-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылган коллегиялык жыйын болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев катышты.

Жыйында район боюнча 2025-жылы аткарылган иштер талданып, айрым тармактарда жетишкен ийгиликтер менен катар, чечүүнү талап кылган маселелер белгиленди. Өнөр жай, айыл чарба, инвестиция тартуу жана кызмат көрсөтүү багыттарында оң көрсөткүчтөргө жетишилгени белгиленип, экономиканын негизги тармактарында туруктуу өсүү камсыздалганы айтылды.

Ошол эле учурда ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан район боюнча бир катар кемчиликтерге көңүл бурулду. Атап айтканда, салыктык жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын өсүп жатышы жетиштүү деңгээлде түшүндүрүлбөй, бул багытта көзөмөл жана алдын алуу иштери жетишсиз жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Саламаттык сактоо тармагында 33 дарыгердин жетишсиздиги, ошондой эле бир жашка чейинки балдардын өлүмүнүн өткөн жылга салыштырмалуу көбөйүшү кооптуу көрүнүш катары бааланды. Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдардын, анын ичинде өрт кырсыктарынын санынын өсүшү алдын алуу иш-чараларын күчөтүү зарылдыгын көрсөтөөрү айтылды.

Ошондой эле билим берүү тармагында билим сапатынын көрсөткүчү өзгөрүүсүз калып жатканы, туристтик потенциалы бар аймактарда инфраструктураны өнүктүрүү жана туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча иштерди активдештирүү зарылдыгы белгиленди.

Жыйында облус башчысы тиешелүү жетекчилерге аныкталган кемчиликтерди жоюу жана 2026-жылы социалдык-экономикалык өнүгүүнү жогорулатуу боюнча тапшырмаларды берип, айрым жетекчилерге сөгүш жана эскертүү тартиптик чара көрүүнү тапшырды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17