Аймак

МАНАС ШААРЫНДА ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ

МАНАС ШААРЫНДА ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ

 6 Бардыгы /

Манас шаарында 2025-жылдын жыйынтыгы менен шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн бир катар мекемелер жана ишкердик субъектилер “Жылдын мыктысы” эстелик номинациясы менен сыйланышты.

Сыйлоо аземине Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов катышып, сыйлык ээлерине эстелик сыйлыктарды тапшырышты.

Өз куттуктоо сөздөрүндө шаар жетекчилери сыйлыкка татыган мекемелердин жана ишкерлердин шаардын өнүгүүсүнө кошкон салымын белгилеп, аларга аткарып жаткан иштерине ийгилик каалап, мындан аркы ишмердүүлүгүндө жаңы жетишкендиктерди каалашты.

Аталган сыйлык шаардын экономикасын чыңдоого, социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга активдүү салым кошкон уюмдар менен ишкерлерди колдоо максатында ыйгарылды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17