Аймак

САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ЖАҢЫ АДМИНИСТРАТИВДИК ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ЖАҢЫ АДМИНИСТРАТИВДИК ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 11-февраль күнү Базар-Коргон районуна караштуу Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жаңы административдик имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Имараттын ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Талантбек Эдилов катышты.

Облус башчысы айыл тургундарын куттуктап, жаңы заманбап имарат кызматкерлердин натыйжалуу иш алып баруусуна шарт түзүп, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө болорун белгиледи. Ошондой эле имарат айылдын гана эмес, жалпы райондун ар тараптуу өнүгүүсүнө түрткү берерин кошумчалады.

Эки кабаттуу имарат республикалык бюджеттен каржыланып, ага 43 млн. 288 миң сом акча каражаты жумшалган. Жалпы аянты 700 чарчы метрди түзгөн имарат заманбап талаптарга ылайык салынып, бардык керетүү жабдыктар менен камсыздалган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17