Аймак

БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУНДА СОЦИАЛДЫК ШААРЧА КУРУЛАТ

БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУНДА СОЦИАЛДЫК ШААРЧА КУРУЛАТ

 3 Бардыгы /

Кечээ, 17-февралда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагында курулушу башталган социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салды.

Сайдыкум айыл аймагында курулушу башталган социалдык шаарчагадолбоордун алкагында 10 батирлүү турак жай, мечит, фельдшердик-акушердик пункт, тигүү цехи жана мектеп курулат. Долбоор “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Облус башчысы айыл тургундарын куттуктап, бул демилге аймактын инфраструктурасын чыңдап, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана калктын жашоо шартын жакшыртууга өбөлгө болорун белгиледи.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17